Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору, Суданда дем алыш күндөрү ооруканага жасалган кол салууда 40тан ашуун кишинин, анын ичинде балдар жана медицина кызматкерлери каза болгонун билдирди.
Ишемби күнү Аль-Мужлад ооруканасына жасалган кол салуу, 2023-жылдын апрелинде башталган кагылышуулардан кийин Судан армиясы менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы фронтко жакын Батыш Кордофан аймагында болду.
ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус саламаттыкты сактоо инфраструктурасына кол салууларды токтотууга чакырды, бирок кол салууга ким жооптуу экенин айткан жок.
ДССУнун Судандагы кеңсеси, бул кол салууда алты бала жана беш медицина кызматкери каза тапканын, ошондой эле мекеменин чоң зыянга учураганын кабарлады.