ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Эрдоган Папа Фрнцисктин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн
1,4 миллиардга жакын католик христиандын руханий лидери болгон Папа Франциск кош пневмониядан көз жумду.
Түркиянын президенти Эрдоган Папа Фрнцисктин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн
pope francis death / Reuters
22 Апрель 2025

 Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Папа Францисктин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялап : «Катуу кайгырып жатам»,- деди.

Эрдоган дүйшөмбү күнү Х платформасынан берген билдирүүсүндө : «Католик дүйнөсүнүн руханий лидери, Ватикандын мамлекет башчысы Папа Францисктин дүйнөдөн кайткандыгына баланыштуу терең кайгыруумду билдирем»,- деди.

Францисктин Газадагы геноцид жана Палестина маселеси тууралуу аракеттеринен мактоо менен сөз кылган Эрдоган : «Урматтуу мамлекеттик ишмер Папа Франциск ар түрдүү дин топторунун ортосундагы диалогго маани берген, өзгөчө Палестина маселеси жана Газадагы геноцид сыяктуу гуманитардык трагедияларда демилгени колго алган руханий лидер болгон»,-деди.

Эрдоган сөзүн : «Папанын үй  - бүлөсүнө, Ватикан мамлекетине жана католик дүйнөсүнө жеке өзүмдүн атыман жана элимин атынан көңүл айтамын»,- деп бүтүрдү.

«Дүйнөлүк баалуулуктарга артыкчылык берген лидерликтин үлгүсү»

Түркиянын вице  - президенти Жевдет Йылмаз да Ватикан жана католик дүйнөсүнө көңүл айтты.

Йылмаз: «Дүйнө абийирин жаралаган көптөгөн гуманитардык кризистерге карата көрсөткөн аяр мамилеси, өзгөчө Газадагы геноцид жана Палестина элине каршы жасалган адилетсиздиктерге карата көрсөткөн так жана чечкиндүү позициясы, жалпы адамзаттык баалуулуктарды биринчи орунга койгон лидерликтин үлгүсү катары эсте калат»,-деди.

Маркум папа февраль айында бронхиттен улам Римде бир ооруканага жаткырылып, оорусу кийин эки тараптуу пневмонияга айланды.

38 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган Рим папасы Ватикандагы резиденциясында дарыланууну улантты. Ватикан дүйшөмбү күнү Рим папасынын каза болгонун жарыялады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us