Африка күнүнө карата Түркия Африка Биримдиги менен бекем байланыштарын дагы бир жолу ырастап, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кызматташтыкты баса белгиледи.
Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү X платформасында жасаган билдирүүсүндө: «Быйыл өлкөбүздүн Африка Биримдигинде байкоочу статусун алганынын 20 жылдыгын белгилейбиз» деген сөздөр камтылды.
Министрлик Түркиянын Африка Биримдигинин стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенине басым жасап: «2026-жылы өткөрүлө турган IV Түркия-Африка өнөктөштүк саммитине даярдыктарды улантып жатабыз», деп билдирди.
Министрлик ошондой эле бөлүшүүсүн «Африка күнү кут болсун!» деген билдирүү менен жыйынтыктады.
«Ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш»
Жекшемби күнү кийинчерээк министрлик өзүнүн веб-барагында Африка өлкөлөрүн Африка күнү менен куттуктаган өзүнчө билдирүү жарыялап: «Африка күнү африкалык элдердин тынчтыкта, туруктуулукта жана гүлдөп-өнүгүүдө интеграцияланган континентти түзүү максатына жетүү жана эл аралык системадагы тиешелүү позициясына жетүү үчүн чечкиндүүлүгүн билдирет», деп айтылды.
«Түркия Африка өлкөлөрүнүн бул максаттарга жетүү аракетинде ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш болууну улантат»,-деп айтылды.
Билдирүүдө Түркиянын Африка өлкөлөрү менен тыгыз кеңешип, «тең өнөктөштүк, өз ара ишеним жана ар тараптуу кызматташтыктын» негизинде Африка менен кызматташтыгын дагы да тереңдетүү чечкиндүүлүгү дагы бир жолу белгиленди.
Соңунда министрлик: «Түркия жана Африка гүлдөп-өсүү, тынчтык жана ырааттуулук өкүм сүргөн орток келечек үчүн биргелешип иштөөнү улантат»,-деп кошумчалады.
Африка күнү Африка биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 62 жылдыгын белгилейт.