МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Непалдык аялдар гүл жыйноону түстүү секторго айландырышты
Глобус амарант жана мариголд гүлү менен атагы чыккан Гунду айылы гүл жыйноону өнүгүп келе жаткан секторго айландырды. Жыл сайын 133.000 доллардан ашык киреше тапкан бул тармак жергиликтүү аялдарды күчтөндүрүүдө.
Непалдык аялдар гүл жыйноону түстүү секторго айландырышты
Nepal'in Gundu köyündeki çiçek / AA
13 Декабрь 2024

Непалдын Гунду айылындагы гүл талаалары гүлдөө мезгилинде сары, кызгылт сары жана кызгылт көк түскө айланат. Гүл жыйнаган аялдар, Индус майрамдарында колдонулган гүлчамбарларды сатуу менен айылдын оор жашоосуна жаңы дем беришет.

Катманду өрөөнүнүн четинде жайгашкан Гунду, ачык түстүү глобус амарант жана мариголддорду өстүрүү менен белгилүү. Дивали деп аталган Тихар майрамында б.а индустардын жарык фестивалында бул гүлдөргө суроо-талап көбөйөт.

Айылдын аялдары таңга маал талаага чогулуп, үйлөрдү жана храмдарды кооздой турчу гүлчамбарларды жасоо үчүн гүл теришет.

Бул мезгилдик гүлдөрдү терип, гүлчамбарга айландыруу бир топ түйшүктүү болсо да Гунду аялдары аны өнүгүп келе жаткан секторго айландыра алышты.

56 жаштагы гүл өстүрүүчү Сарасвоти Биста «Бул биздин айылдагы аялдар үчүн көбүрөөк жумуш орундарын түздү. Үйдө отуруп эле гүлчамбар токуп жакшы киреше табабыз», - деди.

Сектор гүлдөп жатат

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, калкынын көбү индустар болгон Гималай өлкөсүндөгү Непалда ички дүң продукция киши башына 1324 долларды түзөт.

Айылдагы бир кызматкердин маалыматына караганда, өнүгүп келе жаткан гүл соодасынын негизинде 500гө жакын үй-бүлө жыл сайын бир миллиондон ашуун гүлчамбар жасап, 133 миң доллардан ашык киреше табышат.

Фестивалдын туу чокусунда чатырларга жана верандаларга илинген гүлчамбарлар Непалдын гүл борбору болгон айылды ачык кызгылт көк, кызыл жана кызгылт сары түстөргө бөлөйт.

Непалда махмали деп аталган кочкул кызыл глобус амарант беш күндүк Тихар фестивалында өзгөчө суроо-талапка ээ.

Кургатылган гүлдөр туура кам көрүү менен бир нече ай, ал тургай жылдар бою сакталышы мүмкүн.

Тихардын бешинчи күнүндө эже-сиңдилер эркек бир туугандарына узун өмүр каалап, символикалык белек катары гүлчамбарларды беришет.

Непалдын Гүл чарба ассоциациясынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Непалда болжол менен 2,5 миллион глобус амарант гүлчамбары өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга өскөндүгүн билдирет.

Гүлдөр коомунун өкүлү Дилип Баде: «Ар кайсы өлкөлөргө да гүл жөнөтүүдөбүз»,-деди.

Гүл өстүрүү бирикмесинен алынган маалыматка караганда; 1,4 миллион долларлык 200 миң гүлчамбар АКШ, Австралия, Түштүк Корея, Япония жана Европага экспорттолот.

Бирок, тез өнүгүп келе жаткан гүл өстүрүү өнөр жайы сел апааттарынан жапа чегип, болжол менен 1,1 миллион доллардан ашык чыгымга учурады.


Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us