ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Америкалык жетекчи: "Газада ок атышпоо келишимине жетишилбесе Израиль оор кесепеттерге дуушар болот"
«The Jerusalem Post» гезитинин билдиргенине караганда, "Барымтадагылар кыйычылык тартышты, эми Израиль кыйынчылык тартат", - деп эскертти америкалык расмий өкүл.
Америкалык жетекчи: "Газада ок атышпоо келишимине жетишилбесе Израиль оор кесепеттерге дуушар болот"
US President Donald Trump has decided to cut off direct contact with Israeli Prime Minister Benjamin Netanyahu, according Israeli Army Radio. / Reuters
9 Май 2025

АКШнын жогорку даражалуу өкүлү, Тель-Авив өкмөтү Газа тилкесинде ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимин кабыл албаса, өтө оор кесепеттерге дуушар болорун эскертти. Бул тууралуу Израилдин маалымат каражаттары кабарлады.

“The Jerusalem Post” гезити шаршемби күнкү кабарында, АКШнын өкүлдөрү менен Газадагы израилдик туткундардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда жыйын өткөнүн билдирди.

Жыйын учурунда аты аталбаган АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Израилдин ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын сынга алып, АКШнын Сауд Арабия менен аймактык келишимге Израилдин катышуусуз эле жетише аларын билдирди.

Өкүл согушту токтотуу аракеттеринин ийгиликсиздигинин кесепеттерин Газадагы туткундардын тартып жатканын айтып, мунун кесепети Израиль үчүн да алда канча оор болот деп кошумчалады.

Ошондой эле АКШ өкүлү Йемендеги хуситтер менен түзүлгөн ок атышпоо келишими башталыш гана экенин белгилеп, "Эгер Израиль эсине келбесе 'Миң жылдык келишим' да анын катышуусуз ишке ашат" деп эскертти.

Жыйынга катышкан израилдик туткундардын туугандары АКШ өкүлүнүн сөздөрүн Израилди шартсыз колдоп келген өнөктөштүн позициясындагы өзгөрүү катары баалашканын билдиришти.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us