Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин 2023 - жылдын октябрь айынан бери блокада астындагы Газага гуманитардык жардамдардын киширине тоскоол болгондуктан ачкачылык жана жетишсиз тамактануунун натыйжасында араларында 76 бала да болгон кеминде 86 палестиналыктын каза болгонун билдирди.
Министрлик жекшемби күнкү жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : “Газада ачкачылык жана жетерсиз тамактануудан улам 76 бала болгон жалпы 86 адам каза болду”,- деп билдирди.
Билдирүүдө курчоого алынган аймактагы гуманитардык кризис "үнсүз кыргын" деп мүнөздөлүп, гуманитардык шарттардын начарлашынан Израиль жана эл аралык коомчулуктун жооптуу экендиги баса белгиленди.
Министрликтен берилген маалыматта акыркы 24 сааттын ичинде Газа аймагында 18 адамдын ачарчылыктан каза тапкандыгы билдирилди жана тез арада чек араларды ачып, азык-түлүк жана дары-дармектерди киргизүүгө чакыруу салынды.
Израиль 2-марттан бери Газа менен болгон бардык чек араларды жаап, гуманитардык жардамдын кирүүсүн токтотуп, ачарчылыктын жайылышын тездетти.
Израилдин Газага каршы геноциди
Израиль блокадага алган Газада жүргүзгөн кол салууларында көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган 59 000 палестиналыкты өлтүрдү.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFA билдиргендей, 11 миңдей палестиналык кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калды.
Эксперттер Газа бийлиги тараткан маалыматтардын так эмес экендигин жана каза болгондордун чыныгы саны 200 миңге жакын болушу мүмкүн деп болжолдошууда.
Кол салуулар улантылып жаткан процессте Израиль Газанын чоң бөлүгүн урандыга айландырып, аймактын калкынын дээрлик баары жер которду.
Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен ошол кездеги коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуштук жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.
Израиль Газага каршы согушу үчүн Эл аралык соттун алдында геноцид боюнча айыпталууда.