САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Иран БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ жана союздашы Израиль менен кайым айтышууда
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иран-Израиль чатагынын курчушуна байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Вашингтон Израилдин чабуулдарына шериктеш экенин билдирди.
Иран БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ жана союздашы Израиль менен кайым айтышууда
Ирандын өкүлү БУУнун Коопсуздук Кеңешине АКШ Израилдин “сионисттик режиминин” Иранга жасаган чабуулдарына шериктеш экенин айтты. / Reuters
10 саат мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде (БУУ КК) Нью-Йоркто Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалган жаңжал талкууланып, Жакынкы Чыгышты кеңири согуштун босогосуна алып келген кырдаал боюнча чукул жыйын өттү.

Жума күнү Иран АКШны Израилдин мурда болуп көрбөгөндөй чабуулдарын колдоп жатат деп айыптады, ал эми Вашингтон Иранды эгерде АКШнын жарандарына же объектилерине кол салса, "катуу кесепеттер" болорун эскертти.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Эмир Саид Иравани: «АКШ бул кылмыштарга көмөктөшүп, аларга мүмкүнчүлүк берүү менен, мүмкүн болуучу кесепеттер үчүн толук жоопкерчиликти тең бөлүшөт», - деди.

Ирандын БУУдагы элчиси 78 адам, анын ичинде жогорку аскер кызматкерлери каза болгонун, 320дан ашуун адам жаракат алганын, алардын көбү жөнөкөй жарандар экенин билдирди.

Кеңеш өзүнүн күн тартибин өзгөртүп, тез арада начарлап жаткан кырдаалды талкуулоого киришти. БУУнун атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы аймактык туруктуулук жана өзөктүк коопсуздук үчүн олуттуу коркунучтар бар экенин эскертти.

ТийиштүүTRT Global - Why is Iran’s Natanz nuclear facility repeatedly targetted by Israel?

АКШ Иранды "кесепеттер" менен эскертти

АКШнын өкүлдөрү Кеңешке Израиль чабуулдар тууралуу алдын ала Вашингтонго кабарлаганын, бирок америкалык күчтөр түздөн-түз катышпаганын билдиришти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкери Маккой Питт: «Иран жетекчилиги азыр сүйлөшүү жүргүзсө акылдуулукка жатат», - деп эскертмп: «Эгер Иран АКШнын жарандарын же объектилерин бутага алса, анын кесепети Иран үчүн өтө оор болот»,-деди.

АКШ ошондой эле Израиль өзүн коргоо үчүн аракет кылганын жана Вашингтон Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна же аймакты туруксуздаштырууга жол бербөө үчүн дипломатиялык чечимдерди издөөнү улантарын билдирди.

Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Дэнни Данон БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнө кайырлуусунда: «Биз дипломатиянын жемишин берет деп күткөнбүз. Иран жалган жол бошотууларды айтып, эң негизги шарттарды четке кагып жатканда сүйлөшүүлөр созулуп жатканын көрдүк»,-деди.

Ал Израилдин чалгындоо кызматынын маалыматына таянып: «Бир нече күндүн ичинде Иран бир нече бомба жасоого жетиштүү бөлүнүүчү материал чыгара алмак»,- деп кошумчалады.

Израилдин элчиси бул чабуулдарды "улуттук коргонуу актысы" деп мүнөздөп, Израиль бул аракетти "өз алдынча" жасаганын айтты.

МАГАТЭнин башчысы өзөктүк коркунуч тууралуу эскертти

Эл аралык Атомдук Энергия Агенттигинин (МАГАТЭ) директору Рафаэль Гросси жыйында ядролук объектилер эч качан чабуулга алынбашы керектигин баса белгиледи.

"Мындай чабуулдар өзөктүк коопсуздук, өзөктүк коргонуу жана аймактык, эл аралык тынчтык менен коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет," - деп эскертти Гросси.

Гросси МАГАТЭ Ирандын бийликтери менен дайыма байланышта экенин жана зыянды баалоо жана ядролук куралды жайылтпоо аракеттерин колдоо үчүн өлкөгө барууга даяр экенин билдирди.

Гросси:«Иран, Израиль, бүткүл аймак жана эл аралык коомчулук үчүн бирден-бир туруктуу жол - бул тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка жетишүү үчүн диалог жана дипломатияга негизделген жол», - деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us