Франциянын тышкы иштер министри “Алжир Франциянын 12 кызматкерине 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабын койду” деп билдирди. Бул чечимдин Францияда үч алжирдик жарандын камакка алынышы менен байланыштуу экенин кошумчалады.
“Алжир бийлигин бул чыгаруу чараларынан баш тартууга чакырам... Эгер биздин кызматкерлерди кайтаруу чечими күчүндө калса, дароо жооп кайтарууга аргасыз болобуз,” - деди тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро.
Бул 12 кызматкердин арасында Франциянын ички иштер министрлигинин айрым мүчөлөрү бар экенин бир дипломатиялык булак AFP агенттигине билдирди.
Жума күнү Франциянын прокурорлору үч алжирдик жаранды, анын ичинде консулдук кызматкерди, 2024-жылдын апрелинде Париждин чет жакасында алжирдик блогер Амир Бухорсту уурдоого катыштыгы бар деп айыпташкан.
Бул айыптоо Алжир менен анын мурдагы колониялык державасынын ортосундагы мамилелердин сезимтал учурунда келип чыкты. Алжир бул кадамды эки өлкөнүн мамилесин оңдоого багытталган аракеттерди бузуу деп эсептейт.
"Амир DZ" деген ат менен белгилүү Бухорс, Алжир өкмөтүнүн оппоненти жана ТикТокто миллиондон ашык жолдоочусу бар.
Ал 2016-жылдан бери Францияда жашап, 2023-жылы саясий башпаанек алган. Жактоочусунун айтымында, 2024-жылы апрелде уурдалып, эртеси бошотулган.
Алжир ага каршы тогуз эл аралык камакка алуу ордерин берип, аны алдамчылык жана террордук кылмыштар үчүн айыптап, сотко кайтып келишин талап кылууда.