Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бардык христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады.
Эрдоган жекшемби күнкү билдирүүсүндө: “Ар түрдүү чиркөө жана топторго мүчө христиан жарандарыбызды Пасха майрамы менен куттуктайм” деди.
«Урмат жана сүйүүгө басым жасаган цивилизациянын мүчөлөрү катары, Анадолуну миңдеген жылдар бою тынчтыктын жерине айландырган бардык жарандарыбыздын динин, маданиятын жана каада-салттарын тутуу эркиндигине чоң маани беребиз» деп баса белгиледи.
Президент биримдиктин, бир туугандыктын жана бөлүшүүнүн символу болгон Пасха алып келген тынчтык жана сүйүү рухунун адамзатты ар дайым коштоп жүрүшүн каалады.
«Ушул сезимдер менен мен дагы бир жолу бардык христиандарды, өзгөчө биздин христиан жарандарыбызды Пасха майрамы менен куттуктайм жана тынчтык менен бакубатчылык каалайм», – деди Эрдоган.