Кытай менен Колумбиянын лидерлери Пекинде жолугушкандан кийин «Бир алкак- бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен кызматташуу планына кол коюшту. Бул тууралуу шаршемби күнү мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Акыркы жылдары соода-сатыктын өсүшү Кытайдын Латын Америка жана Кариб аймагындагы таасирин күчөттү. Бул аймак АКШ үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кытай азыр Колумбиянын АКШдан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат жана жакында эле Колумбиянын эң чоң импорт булагы катары АКШнын ордун ээледи.
“Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Колумбиянын президенти Густаво Петрого өлкөсү Колумбиядан жогорку сапаттагы продукцияны импорттоого, кытай фирмаларын Колумбияга инвестиция салууга жана бизнес ачууга колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордо кызматташууга даяр экенин айтты” деп билдирет Синьхуа мамлекеттик маалымат агенттиги.
‘9,2 миллиард долларлык насыя’
Колумбиянын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү Кытай менен түзүлгөн “тарыхый” келишимди кубаттады. “Бүгүн Колумбия менен Кытай Бир алкак- бир жол демилгеси боюнча кызматташтык планын түзүштү”, – деп министрлик X платформасында жазып, бул кадамды “инвестиция, технологиялык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый кадам” деп мүнөздөдү.
Бул келишим, Латын Америкасынын лидерлеринин Пекиндеги жыйынынын алкагында түзүлдү. Жыйында Си Цзиньпин “өнүктүрүү” максатында 9,2 миллиард долларлык насыя бөлүүнү убада кылды.
Колумбиянын президенти Петро X платформасында “Тышкы байланыштардагы тарыхыбыз өзгөрүүдө”, – деп жазды.
Петро дүйшөмбү күнү Кытайдын төрагасы Си тарабынан 2013-жылы башталган жана байыркы Жибек жолун жандандырууну, Кытайдын глобалдык соода жана инфраструктуралык байланыштарын бекемдөөнү максат кылган "Бир алкак- бир жол" демилгесине Колумбиянын кошула турганын жарыялады.
150дөн ашуун өлкө катышкан бул программага Латын Америкасынын 20дан ашуун өлкөсү кирет. Бирок февраль айында Панама бул келишимден чыгаарын жарыялап, Кытай муну АКШнын кысымы менен байланыштырган.
2022-жылдын август айында кызматка киришкен Петро 2023-жылдын октябрь айында президент катары Кытайга алгачкы сапарын жасады. Бул сапар учурунда 1980-жылы түзүлгөн эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү.