Тунистин президенти Кайс Саид бейшемби күнү кечинде чыгарган жарлыгы менен премьер-министр Камел Мадурини кызматтан алды. Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшкөн өлкөдө Мадуринин ордуна коомдук иштер министри Сарра Заафрани Зензри дайындалды.
Өткөн август айындагы кабинетти өзгөртүү учурунда премьер - министрлик кызматына келген Мадуринин акыркы мезгилдерде аткарган иштерине нааразычылык билдирген Саид өкмөттүн иштеринде жетерсиз болуп жаткандыгын айткан.
Карызга баткан Тунис төмөнкү өсүү катнашы жана жогорку жумушсуздук менен күрөшүүдө. Президенттик жоопкерчиликтерин кеңейткан Саид 2024 - жылдын август айында Мадурону дайындап, 19 министрди да кызматан алып, бул өзгөрүүлөрдү «мамлекеттин жогорку кызыкчылыктары» менен «улутту коопсуздук» деген негиз менен жактаган.
2019 - жылы президент болуп шайланган Саид араб жазынан демократия менен чыккан бир гана өлкө болгон Тунисте 2021 - жылы ишке ашырган кенен масштабдуу күч консолидациялоосу менен сынга дуушар болгон. Оппозициячылдар бул кадамдардын демократиялык укуктарды жана эркиндиктерди чектегендигин жактап, колдоочулары болсо Саиддин ондогон жылдан бери келе жаткан коррупция жана бюрократиялык олдоксондук менен күрөшүп жаткандыгын ортого салышууда.
12 миллиондон ашык калктуу өлкөдө кээ кээде сүт, кант жана ун сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалууда. Ал эми жумушсуздуктун деңгээли жогору. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Тунистин 2025-жыл үчүн экономикалык өсүү катнашын 1,6 пайыз деп болжолдоодо. Өлкөнүн карыз жүгү Саид кызматка келген 2019 - жылы ички дүң продуктунун (ИДП) 67 пайызына барабар болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 80 пайызга жетти.
Саид 2024-жылы октябрда болгон шайлоодо 90 пайыздан добуш менен кайра шайланган. Бирок шайлоого катышуу көрсөткүчү 30 пайыздан төмөн бойдон калганы көңүлдөрдү бурган.
Февраль айында президент Саид түн жарымында чыгарган жарлыгы менен каржы министри Сихем Богдири Немсияны кызматтан алып, ордуна судья Мичкет Слама Халди дайындаган.