ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп менен пикир келишпестиги уланып жаткан Маск жаңы партиянын түзүлүшү керектигин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы өнөктөшү Илон Маск менен чыңалууну азайтуу үчүн сүйлөшүү өткөрүүдөн баш тартты; Маск үчүн "толугу менен акылын жоготту" деди.
Трамп менен пикир келишпестиги уланып жаткан Маск жаңы партиянын түзүлүшү керектигин айтты
/ Reuters
9 саат мурун

Миллиардер Илон Маск АКШда америкалыктардын көпчүлүгүн өкүлдүк кыла турган жаңы саясий партиянын керек экендигин айтты. АКШнын президент Дональд Трамп мурдагы жакын өнөктөшү менен сүйлөшүүнү четке кагып, араларындагы чыңалуунун күчөп жатканын көрсөттү.

Маск жума күнү жасаган билдирүүсүндө АКШнын орточо саясий көз караштагы “80 пайыздык бөлүктүн” өкүлү боло турган жаңы саясий партиянын түзүлүшү керектигин ортого салды. Маск өзүнүн Х социалдык платформасынан берген билдирүүсүндө : "Эл өз сөзүн айтты. Америкада ортодогу элдин 80 пайызынын өкүлү боло турган жаңы саясий партия керек!" ,- деди.

"Адамдардын так 80 пайызы макул... Бул тагдыр", - деп кошумчалады Маск.

Масктын бул билдирүүсү 5-июнда жүргүзгөн сурамжылоонун цитата бөлүшүүсүндө орун алган. Сурамжылоодо АКШга жаңы саясий партия керекпи деген суроо берген. Сурамжылоого болжол менен 5,6 миллион адам катышып, жыйынтыкка ылайык катышкандардын 80,4 пайызы жаңы партияга муктаждыктын бар экенин белгилешкен.

Ошол эле сурамжылоого кайра шилтеме берген Маск "Америка партиясы" деп жазып, жаңы партияга байланыштуу сунушун билдиргендей болду.

Достукка чекит коюлду

Бир тараптан Трамп Маск менен чыңалууну жеңилдетүү үчүн сүйлөшүүгө кызыкдар эмес экенин жана алардын достук мамилеси күчүндө турганда сатып алган Tesla унаасын таштоону ойлогонун билдирди.

Трамп жума күнү Нью-Джерсидеги гольф клубуна баратып президенттик Air Force One учагында журналисттерге:"Чынын айтсам, Кытай, Россия жана Иран тууралуу иштеп жаткандыктан бош эмесмин. Маск жөнүндө ойлонгон жокмун, ага ийгилик каалайм,",- деген билдирүү жасады.

Трамп кийинчерээк Fox News каналына Маск "өзүн жоготуп койду" деп айтты.

Трамп Масктын жаңы саясий партия түзүү сунушунан тынчсызданбай турганын, анткени Конгресстеги республикачылардан күчтүү колдоо алып жатканын билдирди.

Эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик өткөн аптада Масктын Трамптын чыгашалар боюнча мыйзам долбоорун сынга алышы менен башталган. Маск кийинчерээк Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы кызматынан кеткен.

Талаш - тартыш бул жумада талаш күчөп, Маск Трампты Жеффри Эпштейндин иштерине тиешеси бар деп айыптады. Бул документтер азырынча ачыкка чыга элек.

АКШ өкмөтүнүн күчүнө таянган Трамп болсо Маскка өкмөт менен болгон келишимдерин жана субсидияларын жокко чыгаруу коркунучу менен жооп кайтарды.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us