ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Араб лидерлери Газадагы жер которууну четке кагышып, Египеттин согуштан кийинки пландарын колдошту
Сириянын президенти Ахмад Альшараа мажбурлоо менен жер котортууну айыптады.
Араб лидерлери Газадагы жер которууну четке кагышып, Египеттин согуштан кийинки пландарын колдошту
/ Reuters
6 Март 2025

Египеттин президенти Абдел Фаттах ел-Сиси араб лидерлеринин Газадагы согуштан кийинки планын бекиткендигин жана бул пландын болжол менен эки миллион палестиналыктын өз жеринде калышына уруксат берерин айтты.

Шейшемби күнү Каирде өткөн жолугушууда лидерлер АКШнын президенти Дональд Трамптын аймакты бошотуу жана аны курорттук зонага айландыруу планына каршы бир сунушту жактырышты.

Саммитте сөз сүйлөгөн Сириянын президенти Ахмад Альшараа палестиналыктарды өз жеринен күч менен көчүрүү чакырыктарын айыптап буларды «адамзаттыктын абийири» жана бардык араптар үчүн «сыноо» деп мүнөздөдү.

«Палестина калкын өз жеринен күч менен көчүрүү чакырыгы абийирсиздик», – деди Альшараа.

Ал мындай чакырыктардын «пелестин элине гана эмес, бүтүндөй араб улутуна коркунуч туудурарын» эскертти.

Газа калкынын көчүрүлүү коркунучу «бир гана гуманитардык маселе эмес; бул араптар катары турмуштук дообузга берилгендигибиздин сынагы», – деп кошумчалады.

Ал «Палестина элин өз жеринен көчүрүү кабыл алынгыс» экенин баса белгилеп, «Бардык араптар бул планга каршы бириге турган убакыт келди»,- деди.

‘Саясий негизге’ болгон зарылдык

Саммитте Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Газаны калыбына келтирүү үчүн так саясий негиздин зарылдыгын белгиледи.

БУУнун баш катчысы Газанын калыбына келиши, кайрадан курулушу жана туруктуулугу үчүн эл аралык укуктук принциптерге негизделген так саясий негизге муктаждыктын бар экендигин айтты.

«Газа келечектеги Палестина мамлекетинин ажырагыс бөлүгү болушу керек. Газа туруктуу бир келечек, коопсуздук, туруктуулук жана калктын бузулбаган укуктарына негизделиши керек»,- деп баса белгиледи.

Өзгөчө тез арада чыңалууну азайтууга чакырып, Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүүнүн «сүйлөшүүлөргө кирбеген» негизги укук экендигин белгиледи.

Гутерреш бул шашылыш саммитке эл аралык коомчулуктун согушту токтотуу, адамдардын кыйынчылыгын жеңилдетүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликтин маанилүү кадамы деп баа берди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us