ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Папа Франциск палестиналыктардын ачык - айкын колдоочусу
Маркум папа Израилдин Газага карата «окшошу болбогон зомбулук менен» ишке ашырган кол салууларына күбө болгону үчүн палестиналыктарды коргоосу менен башка папалардан өзгөчөлөндү.
Папа Франциск палестиналыктардын ачык  - айкын колдоочусу
21 Апрель 2025

2013 -  жылдан бери Рим католик чиркөөсүнүн лидери болгон жана палестиналыктардын мыйзамдарын коргоо менен таанылган Папа Франциск дүйшөмбү күнү дүйнөдөн кайтты. Ватикандын камерлени (казыначысы), кардинал Кевин Феррелл папанын  88 жашында дүйнөдөн кайтканын жарыялады.

Феррелл билдирүүсүндө : «Бүгүн эрте менен саат  7:35те Рим эпискобу Франциск Кудайдын үйүнө кайтты. Өмүрүн Кудайга жана чиркөөгө кызмат кылууга арнады»,- деди.

1,4 миллиардга жакын Рим католигинин руханий лидери болгон Франциск христиандыктын үч чоң жамаатынын бири жана мүчөсү эң көп болгон жамаат католик дининин өкүлү. Франциск ошол эле учурда Израилдин Газага карата ишке ашырган геноцид согушунда көптөгөн жолу ок атышпоого чакырып, жалпы дүйнөдө мусулмандардын урматына ээ болгон. Израиль улантып жаткан бул согушта 2023 – жылдын октябрь айы менен  2025 -  жылдын апрель айынын ортосунда көпчүлүгү балдар менен аялдар болгон  51. 200дөн ашуун кишинин өлүмүнө себеп болду.

АКШ борбору болгон диний изилдөөлөр боюнча адис жана католик  - мусулман диалогу, исламофоби жана мусулмандарга каршы бөлүүчүлүк боюнча китептерди жазган доктор Жордан Данери Даффнер : «Папа Франциск ок атышпоого чакыруу, зомбулуктун акырына чыгышы жана Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүү тууралуу ачык айтып, үндөп келген. Палестиналыктардын теңдик жана өз тагдырын өзү белгилөө укугуна ээ экендиги тууралуу көз карашын жактады»,- деди.

Даффнер TRT World каналына берген маегинде : «Папа өзгөчө католиктерге  динибиз боюнча адилеттик жана тынчтык үчүн күрөшүүбүздү эске салган маанилүү ахлактыктын үнү болду»,- деди.

Ватикан Папа Франциск папалык кызматка киришкенге чейин эле эки мамлекеттүү чечимди жактаган позицияны көрсөткөн. Рим-католик чиркөөсүн 1978-жылдан 2005-жылга чейин башкарган Папа Павел II. Иоанн  Палестина доосуна карата тилектештигин билдирүүдөн тартынган эмес.

Рим католик чиркөөсү 2013 -  жылы февраль айында Палестина мамлекетин  1967 -  жылдан мурдагы чектери менен тааныган. Бул кадам Израилдин тышкы иштер министрлиги тарабынан «көңүл калтырарлык» деп мүнөздөлгөн.

Учурда Папа Франциск жана ислам тууралуу бир китеп жазган Даффнер маркум папанын палестиналыктардын адилетсиздикти жашап жаткандыгын жана израилдик коңшулары менен тең укуктуу экендигине ишенгендигин белгилеген.

Көпчүлүк учурда папалар глобалдык кагылышууларда тарап болуудан алыс болушат бирок Франциск Израилдин Газаны көптөгөн айларга созулган бомбалоосуна каршы өз позициясын билдирүүдөн тартынган жок.

Франциск Газаны ойлогондо сезген кыйынчылыкты «мынчалык ырайымсыздык, балдардын автоматтык куралдар менен атылышы, мектепер менен ооруканалардын бомбаланышынан» бат  - бат сөз кылган.

Франциск Израилдин геноцид согушунун алгачкы эле күндөрүндө дароо ок атышпоого чакырып: «Кол салууларды жана куралдарды дароо токтоткула»,- деп согуштун «күнөөсүз адамдардын өлүмүнө жана кыйынчылык тартуусуна жол ачкандыгын» белгилеген.

«Согуш ар дайым бир жеңилүү! Ар бир согуш бир жеңилүү!».

Папа Франциск 2023 -  жылы  19 – октябрда Израилдин Газадагы грек  православдык Порфир чиркөөсүнө жасаган абадан кол салуусунда бул жерге баш калкалаган кеминде  18 палестиналык каза болгондо Израилден согушту дароо токтотуусун талап кылган.

«Газадагы олуттуу гуманитардык абалды ойлоп жатам... Гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү улантуу үчүн жолдордун ачылышын кайрадан талап кыламын...»

Израиль Газага ракета жаадырып, Папа Франциск Газадагы христиан коомчулугу менен түздөн түз байланышууга чечим чыгарган. Газадагы бир гана католик чиркөөсү болгон Ыйык үй  - бүлө чиркөөсүнө күн сайын телефон чалып ал жердегилер үчүн дуба кылып, кайрат берүүчү сөздөрдү сүйлөгөн.

Газадагы жамааттын дин кызматкери болгон Габриэль Романелли суу, тамак  - аш жана дары  - дармек кыйынчылыгын тартып жаткан учурда Папанын колдоосу коомчулукка күч бергендигин айткан.

Бул жердеги чиркөө үч кечил, беш монахиня жана  58 майып киши болгон  500дөн аз киши үчүн баш калкалоочу жер болгон. Бул жерге баш калкалагандардын көпчүлүгү мусулман жана атайын кароого муктаж балдар.

Даффнер Францисктин ооруп жатканда Газадагы кечил жана жамаат менен да күн сайын телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгиледи.

Даффнер : «Католиктик окутуулар бейкүнөө адамдар бутага алынганда, тамак  - ашка жетүү тоскоолдукка учураганда, баш калкалоочу жер болбогондо же медициналык мекемелер кыйратылганда кыйынчылык тарткандарды коргоо үчүн күчтүү cөздөрдү айтуубуз керектигин ачыкчы белгилейт»,- деп кошумчалады.

Даффнер : «Папа Франциск Газадагы абалга жана Израиль менен Палестина аймактарындагы адилетсиздиктерге болгон реакциясы менен бул окутууну чындап ишке ашырды," – деди.  

Францисктин Палестина жактоочусу болушу көнүмүш болбогон абалбы?

 Папа Израиль Газада өлтүргөн палестиналыктардын жакындары менен да жолугушуп, сүйлөшкөндөн кийин: «Бул согуш эмес, терроризм»,- деген.

Бейтуллахимден палестиналык христиан бир аял болгон Ширин Халил папа менен жолугушкан топтун ичинде болгон жана басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Папа Францисктин Газа согушу тууралуу ээ болгон маалыматтарына «таң калгандыгын» билдирген.

Даффнер Франциск (2013 – 2025) жана андан мурдагы папалар Папа Бенедикт XVI (2005-2013), Рим папасы Иоанн Павел (1978-2005) жана Папа Павел VI үчүн (1963-1978) Палестина маселеси   "чоң бир улантуучулук" экендигин айтат.

"Ватикан 1940-жылдардан бери палестиналыктар өз тагдырын өзү аныктоо укугуна жана өз мамлекетине татыктуу деген көз карашты жактап келди. Мунун бир гана Францисктин папалык мезгилинде эле эмес, өзүнөн мурунку  папалар да улантып келген нерсе деп ойлоп жатам",- деди Даффнер.

Бирок Франциск палестиналыктарды ачык түрдө коргоосу менен башкалардан өзгөчөлөнөт. Мунун себеби да Францисктин  Израилдин Газага карата "окшошу болбогон бир зомбулук" менен ишке ашкан кол салууларына күбө болушу.

Даффнер : "Айрым учурларда Францисктин айткандары ичинде орун алган абалдан улам өзүнөн мурдагы папалардан ачык жана күчтүү болушу керек эле",- деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us