Мамлекеттик маалымат агенттиги SONNA шейшемби күнү Африка Биримдигинин тынчтык күчтөрүнүн миссиясына таандык аскердик тик учак Сомалинин борбору Могадишодогу аэропортко кулап түшүп, кулагандан кийин күйүп кеткенин билдирди.
SONNA социалдык медиа платформасы X аркылуу жасаган билдирүүсүндө, Африка Биримдигинин Сомалиге колдоо жана туруктуулук миссиясына (AUSSOM) таандык, ичинде сегиз кызматкер болгон тик учактын конуу учурунда кулап түшкөнүн, ал эми өрттүн көзөмөлгө алынгандыгын жарыялады.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу дароо маалымат берилген жок. AUSSOM миссиясынын өкүлү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Reuters агенттигине маалымат берген аэропорттун кызматкери Фарах Абдулле :"Биз жарылууну уктук, тик учактын үстүнөн түтүн менен кошо жалынды көрдүк. Түтүн тик учакты толугу менен каптады", - деди.
AUSSOM Сомали армиясынын "Аш-Шабаб" террордук уюмуна каршы күрөшүнө колдоо максатында өлкөдө 11 000ден ашуун кызматкерин кармап турат.
Ал-Каида менен байланышы бар бул топ дээрлик жыйырма жылдан бери Сомалинин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүн кулатып, өз бийлигин орнотууга аракет кылууда.