ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Палестина чет өлкөлүк башкарууну кабыл албайт, куралсыздандырылбайт: Хамас
Хамастын жогорку кызматкери Халед Мешал Палестинанын келечеги үчүн Израилдин оккупациясына каршы биримдик жана каршылык көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Палестина чет өлкөлүк башкарууну кабыл албайт, куралсыздандырылбайт: Хамас
/ Reuters
10 Март 2025

Хамас Палестина эли өз жерин башкарууга укуктуу экенин жана Израилдин оккупациясы уланана берсе куралдарын таштабай тургандарын билдирди.

Хамастын диаспора бөлүмдөрүнүн башчысы Халед Мешал, сырттан эч кандай саясий системанын аларга таңууланбай турганын айтты.

Хамас жекшемби күнү Халед Мешалдын Египеттин борбору Каирде өткөрүлгөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүнүн видеосун бөлүштү. Бул иш-чара Израиль менен туткундарды алмашуу жана ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында эркин кое берилип сүргүнгө айдалган палестиналык туткундарды урматтоо үчүн уюштурулган.

“Газа өз элине гана таандык; Газанын да, Батыш Шерианын эли да өз мекенин башка жерге алмаштырбайт”, - деди.

‘Палестинага альтернатива жок’

Мешал Израилдин курчоосундагы Газа жана оккупацияланган Батыш Шериадагы палестиналыктар өз жерлерин бекем коргой тургандарын баса белгиледи.

“Палестинага альтернатива жок, Палестина – бул биздин мекенибиз. Араб жана Ислам өлкөлөрүнө болгон урмат-сыйыбыз туруктуу бойдон калса да эч нерсе мекенибизди алмаштыра албайт”, - деди ал.

Мешал Палестинаны башкаруу укугу анын элине гана таандык экенин жана сырттан эч кандай саясий системанын таңууланбай турганын билдирди.

Палестинанын туш болгон кыйынчылыктарын жеңүүдө улуттук биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Араб дүйнөсүн палестин элин колдоого чакырды.

Мешал Газада элди ачарчылыкка дуушар кылуу аркылуу сүргүнгө мажбурлоо аракеттери жүрүп жатканын айтты.

“Газанын келечеги, башкаруусу, куралдары жана каршылык көрсөтүү күчү коркунучта турат”, - деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us