Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос мусулман филиппиндиктердин сөөгүн Исламдын каада-салттарына ылайык туура жана тез жерге берүү боюнча мыйзамга кол койгонун шейшемби күнү жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Филиппиндин Исламдык сөөк коюу мыйзамына 11-апрелде кол коюлуп, дүйшөмбү күнү расмий гезиттин веб-сайтына жарыяланганын Inquirer.Net маалымдады. Жаңы мыйзамга ылайык, маркумду көмүү иштери өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болбосо да мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлөт.
Бирок мыйзам боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн аткарып жаткан адам же маркумдун жакындары 14 күндүн ичинде жергиликтүү медициналык кызматкерге өлүмдүн себебин тактап, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк бериши керек.
Мыйзамда “Ислам салттарына ылайык көмүү үчүн мусулмандардын сөөгү оорукана, медициналык клиника, сөөк сактоочу жай, морг, камак жайлары же башка тиешелүү мекемелерден же сөөктү кармаган адамдардан 24 сааттын ичинде чыгарылышы керек”, - деп айтылат.
Мыйзам ошондой эле, төлөнбөгөн оорукана же көмүү чыгымдары же башка негизсиз себептер менен мусулмандардын сөөгүн чыгарууга каршы болгондорду 1 айдан 6 айга чейин түрмөгө кесүү, 50,000ден 100,000 филиппин песосуна ($882ден $1,764ке чейин) айып салуу же экөөнү тең колдонуу менен жазалайт.