ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
«Гуманитардык жардамды куралга айландыруу»: Түркия Израилдин Мадлинди блокадалоосун айыптады
Анкара Израилдин Газага жардам берүүчү кемеге кийлигишүүсүн эл аралык мыйзамдарды бузган иш катары айыптады жана бул аракеттин адамдык баалуулуктарга коркунуч туудурганын белгилеп, глобалдык чара көрүүгө чакырды.
«Гуманитардык жардамды куралга айландыруу»: Түркия Израилдин Мадлинди блокадалоосун айыптады
Коалиция операцияны каракчылык деп айыптап, кеменин куралсыз экенин жана Газанын курчоого алынган калкы үчүн керектүү жардамды ташыганын белгиледи. / TRT World
5 саат мурун

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Газага жардам ташыган Мадлин кемесинин портко токтошуна уруксат бербеген Израилди айыптап, бул абалды эл аралык укукту ачык бузуу катары сыпаттады.

Министрлик кийлигишүүнүн эл аралык сууларда болгонун жана арасында түрк жарандары да болгон гуманитардык жардам ташыган жарандык кемени бутага алганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Израилди катуу сынга алып, «Нетаньяху өкмөтүнүн навигация эркиндиги жана деңиз коопсуздугуна коркунуч келтирип бул жийиркеничтүү кол салуусу, Израилдин террордук мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди»,-деди.

Министрлик ошондой эле Газада ачарчылыкты курал катары колдонгон жана гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоол болгон Израилдин геноцид саясаттарына эл аралык коомчулуктун укуктуу каршы чыгуусунун улана турганын баса белгиледи.

Министрлик Израилдин аракеттерин «агрессивдүү жана мыйзамсыз» деп мүнөздөп, өзгөчө адамдык кадыр-баркты жана универсалдык принциптерди коргогондорго каршы багытталганын белгиледи.

Фахреттин Алтундун айыптоосу 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун X платформасында жасаган билдирүүсүндө Израил өкмөтүн айыптап, Израил өкмөтү «Газага жеткен эң негизги гуманитардык жардамга да чыдай албасын дагы бир жолу көрсөткөнүн» айтты.

Алтун:"Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жолго чыккан жарандык "Мадлин" кемесине Израилдин кол салуусу эл аралык укуктун жана адам укуктарынын ачык бузулушу болуп саналат. Биз бул жийиркеничтүү кол салууну эң катуу түрдө айыптайбыз. Сионисттик Израилдин башкаруусу Газага эң жөнөкөй гуманитардык жардамга да чыдай албасын дагы бир жолу көрсөттү. Газада бир нече айдан бери уланып келе жаткан системалуу кыйроолор жана кыргындар эч кандай моралдык жана укуктук стандарттарды тааныбаган террордук мамлекеттин чыгарылышы»,- деди.

«Түркия катары бул жырткычтыктын токтотулушу, гуманитардык жардамдын Газага үзгүлтүксүз жетүүсү жана аймакта адилеттүү тынчтыктын орношу үчүн чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз»,-деп унчукпай коюунун шерик болуу маанисине келерин эскертти. 

Алтун Израилдин Газага кол салууларынын карапайым калкты, аялдарды жана балдарды бутага алган, аймактык тынчтыкты коркунучка салган жана глобалдык коопсуздукту тобокелге салган «миксерге» айланганын белгиледи.

«Бул чындыкты көрмөксөнгө салган, унчукпаган же кайдыгер мамиле жасаган ар кандай мамиле бул кылмышка шерик болуу дегенди билдирет»,-деп айтып, Түркиянын жырткычтыктын токтотулушуна, гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишине жана аймакта адилеттүү тынчтыктын орнотулушуна чакырыгын кайталады.

«Биз эл аралык коомчулукту жана бүткүл адамзатты бул кыйкырыкты угуп, конкреттүү кадамдарды жасоого чакырабыз», - деп кошумчалады ал.

Башкы кеңешчи Кылыч: «Кийлигишүү «кабыл алынгыс»»

Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч кол салууну «кабыл алынгыс» жана эл аралык укуктун түздөн-түз бузулушу катары мүнөздөп, «Израиль өкмөтү дагы бир жолу террордук позициясын көрсөттү»,-деди.

Кылыч: «Жарандарыбызды да ташыган «Мадлин» аттуу кемеге Израиль аскерлеринин кийлигишүүсү таптакыр кабыл алынгыс. Бул кийлигишүү эл аралык укуктун ачык бузулушу жана Израиль өкмөтүнүн террордук позициясын ачыкка чыгарууда»,-деп айтты. 

«Дүйнөнүн көз алдында ачарчылыкты согуш куралы катары колдонгон Нетаньяху өкмөтү абийирдүү эл аралык коомчулуктун реакциясын эч качан баса албайт», - деп кошумчалады ал.

Челик: Жардамды курал катары колдонуу

АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да окуяны айыптап, мунун Израилдин гуманитардык жардамды курал катары колдонуусунун дагы бир мисалы экенин айтты.

«Мадлин кемеси Газага адамзаттын абийири үчүн жардам алып келүүгө аракет кылып жатып эл аралык сууларда Израилдин агрессиясына туш болду. Израилдин гуманитардык жардамга тоскоол болууну курал катары колдонуп жатканы дагы бир жолу көрүлдү. Бүткүл дүйнө бул агрессияга каршы Израилди айыптап, конкреттүү чараларды көрүшү керек»,- деди ал.

Эркиндик флотилиясынын коалициясы

Миссияны уюштурган эл аралык бейөкмөт уюмдардын Эркиндик флотилиясынын коалициясы израилдик аскерлер Мадлиндин бортунда 12 кишини, анын ичинде 11 активистти жана бир журналистти барымтага алганын билдирди.

Уурдалгандардын арасында; швециялык климат боюнча активист Грета Тунберг, Европарламенттин француз-палестиналык депутаты Рима Хасан, Германиядан Ясемин Акар, Франциядан Баптист Андре, Паскаль Мориерас, Янис Мхамди жана Рева Виард, Бразилиядан Тиаго Авила, Түркиядан Шуайб Орду, Испаниядан Серхио Торибио, Нидерландыдан Марко ван Реннес жана Аль-Жазира Мубашерден француз журналисти Омар Фаиад бар.

Коалиция бул операцияны каракчылык деп айыптап, кеменин куралсыз экенин жана курчоодо калган Газа калкы үчүн керектүү жардамдарды ташыганын билдирди.

Түркия Израилдин агрессиясынын токтоосуз токтотулушу, Газага гуманитардык жардамдын коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирилиши жана аймакта адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын түзүлүшү талабын дагы бир жолу кайталады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us