Жогрку мартабалуу бир индиялык министрдин далай Ламанын мураскоруна байланыштуу жасаган билдирүүлөрүнөн кийин Кытай Индияны ички маселелерге аралашуудан алыс болуу боюнча эскертти.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинен жума күнү берилген билдирүүдө :“Кытай Индиянын Тибет маселелерин колдонуп, ички иштерге кийлигишпөөнү жана эки өлкөнүн карым - катнаштарынын өнүгүшүнө тоскоол болбоого чакырат”, – деп айтылды.
Бейшемби күнү Индиянын бир расмий өкүлү Далай Ламанын мураскорун тандоо жоопкерчилигинин бир гана Далай Ламага жана ал курган фондго таандык экендигин белгилеген.
Индиянын азчылыктар боюнча иштер министри Кирен Рижижу билдирүүсүндө: “Далай Ламанын орду Тибеттиктер үчүн гана эмес, дүйнө жүзү боюнча анын бардык жолдоочулары үчүн өтө маанилүү. Мураскерлигин тандоо укугу толугу менен Далай Ламанын өзүнө гана таандык”,- деп айтылды.
Бул билдирүү Кытайдын көптөн бери келе жаткан позициясына карама-каршы келген сейрек учурлардын бири.
Пекин империялык доордон калган тарыхый тажрыйбага таянып, кийинки Далай Ламаны бекитүүгө укугунун өзүндө экендигин жактап жатат.
Далай Ламанын мураскору темасы курч маселе бойдон калууда.
Индия расмий түрдө Тибетти Кытайдын бир бөлүгү катары тааныганы менен, 1959-жылдан бери Далай Лама менен Тибеттик качкындар коомчулугун кабыл алып келет. Бул эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык чыңалууга себеп болууда.