Түркия Индиянын 6-майда Пакистандагы жайкын тургундарга жана жарандык инфраструктурага жасаган чабуулун катуу айыптады. Бул кадам эки коңшу мамлекеттин ортосунда толук масштабдуу согуш коркунучун олуттуу түрдө күчөтөт деп эскертти.
Шаршемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, Анкара кырдаалдын курчушун “чагымчылдык” деп мүнөздөп, эки тарапты сабырдуулукка жана акыл-эстүү болууга чакырды.
"Биз мындай чагымчыл кадамдарды жана жайкын тургундар менен жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдарды айыптайбыз", - деген сөздөр камтылган Министрликтин билдирүүсүндө "Кечээ кечинде Индия тарабынан жасалган кол салуу жалпы согуш коркунучун күчөтөт" деп айтылды.
Абалдын тездик менен кучушуна терең тынчсыздануусун билдирген Түркия чыңалууну азайтуу жана мындан ары кагылышууларды болтурбоо үчүн чараларды көрүүгө чакырды. Министрлик келечекте мындай окуяларга жол бербөө үчүн өзгөчө терроризмге каршы күрөшүү тармагында керектүү механизмдерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Анкара ошондой эле Пакистандын 22-апрелдеги террордук чабуул боюнча иликтөө жүргүзүү чакырыгын колдоп, аймактык кызматташтык жана ачык-айкындуулук боюнча өз позициясын дагы бир жолу кайталады.
"Аймактагы чыңалууну басаңдатуу үчүн керектүү чаралар мүмкүн болушунча тез арада көрүлөт деп үмүттөнөбүз", - деп айтылган билдирүүдө, Түркиянын бул окуяларга жакындан байкоо салып жатканы кабарланды.
Эки ядролук державанын ортосундагы чыңалуунун күчөшү
Индия Пакистан жана Пакистан башкарган Кашмирдин алты жерине сокку уруп, жай тургундарды, анын ичинде балдарды өлтүрүп, мечиттерге зыян келтиргенин пакистандык жетекчилер билдиришти.
Пакистан армиясынын маалыматына караганда, бутага алынган аймактарга Бахавалпур, Муридке, Музаффарабад, Котли, Баг жана Ахмадпур Чыгыш кирет. Курман болгондордун арасында 3 жаштагы кыз, 16 жаштагы кыз жана 18 жаштагы бала бар. Ондогон адамдар жаракат алып, эки адам дайынсыз болууда.
Генерал-лейтенант Ахмед Шариф Чаудринин айтымында, ар кандай куралдардан 24 сокку катталып, калк жыш жайгашкан аймактар жана диний жайлар жабыркаган. Жооп катары Пакистан беш индиялык согуштук учакты жана бир нече дронду атып түшүргөнүн билдирди.