Илон Маск мурдагы саясий өнөктөшү АКШнын президенти Дональд Трамптын технологиялык миллиардердин компанияларына миллиард долларлык мамлекеттик колдоолорду жана келишимдерди токтотуу менен коркуткандан бир нече сааттан кийин кийин, Трампты кызматтан алууну колдоду.
Белгилүү консервативдүү X колдонуучусу: "Президент Илонго каршы. Ким жеңет? Мен акчамды Илонго салам. Трамп кызматтан алынып, анын ордуна Ж.Д. Вэнс келиши керек",- деди.
Маск “ооба” деп жооп берди.
Маск менен Трамп бейшемби күнү бири-бирине курч сөздөрдү айтып, кайым айтышууга өтүштү. Бул Масктын администрациядан чыгып, Трамптын чоң чыгымдарды жана салык мыйзамын сындашынан кийин башталды.
Трамп Масктын компанияларына берилген миллиард долларлык мамлекеттик каржылоону токтотуп, бир убактар абдан жакын болгон жардамчысына жооп кайтара аларын кыйытты.
Бир социалдык медиадагы билдирүүсүндө: "Бюджетибизде миллиарддаган долларларды үнөмдөөнүн эң оңой жолу - Элондун мамлекеттик колдоолорун жана келишимдерин токтотуу. Байдендин муну кылбаганына таң калчумун”,- деп билдирди Трамп.
Маск бул билдирүүгө жооп катары: “Президенттин өкмөттүк келишимдер боюнча билдирүүсүн эске алуу менен, @SpaceX Dragon космос кемесин дароо кызматтан чыгаруу процесси башталат,” — деди.
‘Менсиз Трамп шайлоодо утулмак’
Маск өзүнүн колдоосу болбосо, Трамп 2024-жылдагы шайлоодо жеңиле турганын белгилеп, жаңы саясий партия түзүүyнүн убактысы келгенин кыйытты.
“Трамп менсиз шайлоодо утулмак, демократтар Өкүлдөр палатасына ал эми республикачылар Сенатта 51-49 болуп калмак,” – деп жазды Маск X платформасында.
Маск 220 миллионго жакын каттоочусунан АКШда жаңы саясий партия түзүүнүн убактысы келдиби деген суроо менен сурамжылоо жарыялады. Сурамжылоонун аякташына 23 саат калганда, катышуучулардын дээрлик 83 пайызы убакыт келди деп жооп беришти.
Бул суроо жана саясий кырдаалды сынап көрүү аракети Масктын Ак үйдөн кеткенден кийин мурда жакын болгон саясий өнөктөштөрдүн ортосундагы чыңалуунун жаңы баскычын көрсөтүүдө. Маск мурда Трамптын мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу аракетине демилгечи болгон.
Трамп бейшемби күнү технологиялык миллиардер Масктын президент кол койгон чыгаша жана салык мыйзамына каршы жүргүзгөн кампаниясынан улам "абдан көңүлү калганын" айтты.
Трамп бейшемби күнү Маскка “абдан нааразы” экенин айтты. Бул билдирүү технологиялык миллиардердин президенттин чыгымдар жана салык мыйзамына каршы өнөктүгүнөн улам жасалды.
Президент Масктын “чоң, кооз мыйзам” тууралуу сындарынын көрө албастыктан келип чыгышы мүмкүн экендигин айтты. “Ал Ак үйдү сагынган болуш керек. Күтүүсүздөн четте калды жана эми бул кооз Овал кеңседе жок,” – деди .
«Мен чындыгында чоң үмүтсүздүккө учурадым, анткени Илон бул мыйзамдын ичиндеги маселелерди ушул жерде отургандардан, сиздерден да жакшы билет эле. Мунун көйгөйү жок болчу. Бир заматта көйгөй жаралды, ал электромобилдерге берилчү салык жеңилдетүүсүн кыскартабыз дегенде гана чыкты,» — деп айтты Трамп.
Овал Офисте Германиянын канцлери Фридрих Мерцти кабыл алууда:“Мен абдан нааразы болуп жатам, анткени Элон бул мыйзамдын ички иштерин бул жерде отургандардын дээрлик баарынан жакшы билчү. Баары тууралуу маалыматка ээ болчу. Эч кандай көйгөйү жок болчу. Күтүүсүздөн маселе пайда болду жана ал көйгөйдү биз электр унааларына (EV) стимулду кыскартаарыбызды билгенден кийин чыкты”,- деди.
Tesla акциялары талаш-тартыш күчөгөн сайын төмөндөдү
"EV стимул" электр унааларын сатып алгандарга берилген 7500 долларга чейин салык жеңилдигин билдирет.
Tesla акциялары кечки соодада дээрлик 16% га төмөндөдү
Tesla компаниясынын акциялары күндүн аягында дээрлик 16 пайызга төмөндөдү.