ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Лондондо Түркия консулдугунун алдында Куранды өрттөгөн адам жоопко тартылды
Хамит Жошкун Найтсбриджде ислам дининин ыйык текстинин өрттөлгөн көчүрмөсүн кармап, исламофобиялык ураандарды чакыруу менен айыпталды.
Лондондо Түркия консулдугунун алдында Куранды өрттөгөн адам жоопко тартылды
/ AA
3 Июнь 2025

Лондондогу Түркиянын консулдугунун алдында Куранды өрттөгөн адам диний жек көрүүчүлүктү козуткан коомдук тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул окуя сөз эркиндигинин чектери жана нааразычылык менен жек көрүүнүн ортосундагы чек ара боюнча талаш-тартыштарды кайрадан жандандырды.

 50 жаштагы Хамит Жошкун февраль айында Лондондун батышындагы Найтсбриджде исламдык ыйык тексттин өрттөлгөн көчүрмөсүн өйдө көтөрүп, исламофобиялык ураандарды чакыруу менен  айыпталды.

Дүйшөмбү күнү округдун судьясы Жон МакГарва айыпталуучунун аракеттерине "мусулмандарга карата кастык түрткү болгон" жана анын жүрүм-туруму Адам укуктары боюнча Европа конвенциясында каралган укуктарын "акылга сыярлык иш эмес" деп чечим чыгарды.

Чечимин билдирген МакГарва: “Куранды өрттөө аракети чагымчыл аракет жана аракеттериңиз динге акарат келтирген тил менен коштолду»,- деди.

Айыпталуучу "сөз эркиндиги укугун" колдонгондугун жактады,  социалдык медиаlf жарыяланган окуя Британияда чоң реакция жаратты.

Коомдук толкундоо

Бирок сот айыпталуучунун билдирүүсүн четке кагып "исламга жана анын жолдоочуларына терең жек көрүү сезими бар экени анык" деп билдирди.

Судья  МакГарва соттолуучунун сөз болгон күнү жасаган иш-аракеттерин атайылап жаслаган чагымчылдык деп тапты.

Элчиликтин алдында туруп Куранды өйдө көтөрүп, өрттөгөн жана кайра-кайра "Куран күйүп жатат" деп кыйкырган. Ошол эле учурда ал сот "акарат сөздөр" деп мүнөздөгөн жана исламга карата акарат келтирген сөздөрдү колдонгон.

Сот айыпталуучунун  ушундай реакция жаратууну максат кылган деген жыйынтык чыгарды.

«Убакытты, жерди жана кыймыл – аракетти атайын тандадыңыз. Мусулмандардын ал жерде болорун жана кыймыл  - аракетиңиздин кыжырдануу жаратарын да билгенсиз»,- деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us