Орус президенти Владимир Путин жекшемби күнү анын өлкөсү Америка Кошмо Штаттарын урматтаганы сыяктуу эле АКШ да Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын сыйлайт деп күтөрүн билдирди.
Орусиялык журналист Павел Зарубин менен болгон жана айрымдары Telegram аркылуу бөлүшүлгөн маегинде Путин: «Америкалыктар, Америка эли жана Америка жетекчилиги, анын ичинде президент, өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктары бар жана биз муну сыйлайбыз. Бизге да ошондой мамиле кылынат деп ойлойбуз»,-деди.
Бул сереп салуулар АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотууга ортомчулук кылуу үчүн жолугушуу планын жарыялагандан кийин айтылды.
Трамптын билдирүүсү Түркиянын арачылыгы менен Стамбулда өткөн Орусия менен Украинанын ортосундагы жогорку деңгээлдеги тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасалды. Бул сүйлөшүүлөрдө тараптар 1000 аскер туткунун өз ара алмашуу жана ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.
Орусия «атайын аскердик операция» деп мүнөздөгөн Украинада уланып жаткан кагылышууга токтолгон Путин, өлкөсүнүн бул «операцияны» каалаган натыйжа менен бүтүрө турган күчү бар экенин баса белгиледи.
Путин: «Бул натыйжа бул кризистин себептерин жоюу, узак мөөнөттүү туруктуу тынчтык үчүн шарттарды түзүү жана орус мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуу», - деди.
Путин ошондой эле жаңжалдын дагы бир максаты катары «орус тилин эне тили деп эсептеген жана Орусияны мекени деп эсептеген бул аймактарда жашаган элдин кызыкчылыгын коргоону» атады.