ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдин мурдагы премьер - министри : Газадагы «гуманитардык жардам шаары» бир «концлагерь»
Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмерт Нетаньяху өкмөтү пландаган “гуманитардык жардам шаарын” концлагерге салыштырып, аны ишке ашыруу этникалык тазалоого барабар экенин белгиледи.
Израилдин мурдагы премьер  - министри : Газадагы «гуманитардык жардам шаары» бир «концлагерь»
/ Reuters
8 саат мурун

Жекшемби күнү The Guardian гезитине берген маегинде, эгер бул план ишке аша турган болсо мунун "этникалык тазалоо" менен барабар болорун баса белгилеп: "(Палестиналыктар) жаңы"гуманитардык жардам шаарына" сүргүнгө айдала турган болсо,  муну этникалык тазалоонун бир бөлүгү деп айтууга толук негиз бар",- деди Эхуд Олмерт.

Олмерт ошондой эле мындай «гуманитардык жардам шаарын» куруу палестиналыктарга жардам берүүнүн ордуна Газада күч менен жер которууга алып келерин белгиледи.

 "Гуманитардык жардам шаары"?

 Ок атышпоо келишими түзүлсө да Израилдин Рафахты көзөмөлгө алууну улантууну каалаганын айткан Израилдин коргоо министри Исраэль Кац аймакта палестиналыктарды башка өлкөлөргө  сүрүү максатында «гуманитардык жардам шаарынын» курулушу үчүн армияга көрсөтмө бергенин белгиледи.

Кац  адамдар бул аймакка киргенден кийин чыгууларына уруксат берилбей турганын айтты. Палестиналыктардын аймакка кирбестен мурун текшерүүдөн өткөрүлөрүн жана эң башта   600 миң кишини көчүрүүнүн максат кылынгандыгын белгиледи.

Кац максаттарынын бардык палестиналыктарды «эл аралык мекемелер тарабынан башкарылган жана Израиль армиясы тарабынан коопсуздугу түзүлгөн» аянтта чогултуу экендигин айтты.

Израиль медиасы премьер  - министр Биньямин Нетаньяхунун да  5 -  июлдагы кабинет жыйынында Рафахта «гуманитардык жардам шаарын» курууну буйрук кылганын маалымдады.  

ХАМАС менен ок атышпоо келишими түзүлсө да Израилдин Мораг жана Филадельфия коридорлорунун ортосунда жайгашкан Рафахтан кетпей турганы айтылды.

Газадагы палестиналыктарды башка өлкөлөргө сүрүү идеясы алгач АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан көтөрүлүп, кийин Израиль тарабынан кабыл алынган. Нетаньяху бул планды ишке ашыруу үчүн иштеп жатышкандарын бир нече жолу билдирген.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us