Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Сирия боюнча түрдүү демилгелер жана иш-чаралар түрк дипломатиясынын өсүп баратканын көрсөтүүдө деп билдирди.
2025-жылдын Анталия дипломатия форумунда (ADF) сөз сүйлөгөн Кубанычбек Өмүралиев: «Бул демилгелер түрк дипломатиясынын жыл сайын өсүп жатканынын мисалы болуп саналат. Мындай диалогдор жана башка эки тараптуу жана көп тараптуу демилгелер аркылуу түрк дипломатиясы аймактык гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да көптөгөн ийгиликтерге жетишти»,-деп айтты.
Өмүралиев мунун өзгөчө дүйнөдөгү чыр-чатактар болгон аймактарда байкалып жатканын айтып: «Сириядагы жана башка коңшу мамлекеттердеги, Орусия-Украинадагы жана башка мамлекеттердеги учурдагы абалды караганыбызда, көптөгөн демилгелер жана иш-чаралар түрк дипломатиясынын чындап өнүгүп жатканын көрсөтөт», - деди.
Өмүралиев өткөн жылы Анталья дипломатия форумунда атайын панелдик сессия өткөрүлгөнүн белгилеп, форумдун TМУнун 2040-жылга көз карашы жана тышкы карым-катнаштарынын өнүгүүсү жагынан маанилүү экенин баса белгиледи.
«Биз уникалдуу уюмбуз»
ТМУнун долбоорго багытталган уюм экенин белгилеген Өмүралиев: «Биз тышкы саясат, экономика, соода, туризм, энергетика, жаштар, спорт, космос жана башка тармактарды камтыган 35тен ашык тармакта активдүү катышып жатабыз. Бул бизди долбоорго багытталган жана уникалдуу уюм кылат»,-деди.
Өмүралиев: «Биз тарыхыбызга, каада-салтыбызга, маданиятыбызга жана тилибизге, керек болсо динибизге негизделген уникалдуу уюмбуз. Мен айткан негиздер боюнча башка уюмду таппайсыз», - деп кошумчалады.
Алгач «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши» (Түрк кеңеши) катары түзүлгөн уюмдун пайдубалы 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан кол коюлган Нахчыван келишими менен түптөлгөн.
TМУнун максаты - экономика, саясат, билим берүү, маданият, коргонуу, коопсуздук, транспорт, бажы, туризм жана спорт сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташуу аркылуу түрк дүйнөсүн орток тарыхый жана маданий баалуулуктар менен интеграциялоо.