Президент Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын чегинен тышкары тартылган бардык тасмаларга жаңы тарифтерди жарыялап, Голливудду чет өлкөдө иштеген америкалык кинорежиссерлор жана студиялар «бузуп жатат» деп билдирди.
Бул жарыя Ак үй дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө кеңири тарифтерди киргизип өзүнүн агрессивдүү соода саясаты үчүн сынга кабылган учурда жасалды.
Трамп жекшемби күнү Truth Social платформасындагы бөлүшүүсүндө, «Мен Соода министрлигине жана Америка Кошмо Штаттарынын Соода өкүлүнө өлкөбүзгө келген бардык чет элдик тасмаларга 100% тарифтерди киргизүү процессин токтоосуз баштоого уруксат берем», деп жазган.
Трамптын билдирүүсү АКШ президентинин катаал соода саясаттарынан эң катуу жабыркаган Кытай өткөн айда АКШдан импорттогон тасмалардын санын азайтарын жарыялагандан кийин келди. Көптөгөн товарларга 145% тарифтерди киргизген бул агрессивдүү саясаттардан Кытай катуу жабыркаган.

President Donald Trump insists that his policies will bring a boom in US economy even as he acknowledges the possibility of a recession.
«Өтө тез өлүм»
Трамп жекшемби күнү: «Америкадагы кино индустриясы абдан тез өлүп баратат. Башка өлкөлөр биздин кинорежиссерлорду жана студияларды Кошмо Штаттардан алыстатуу үчүн бардык стимулдарды сунуштап жатышат»,-деп жазган.
«Голливуд жана Кошмо Штаттардын башка көптөгөн аймактары кыйрап баратат»,-деп ал улуттук коопсуздукка коркунуч туудурарын кошумчалады.
Кино тармагына кандай таасир тийгизери жана бул тарифтер так кантип ишке ашары азырынча белгисиз.
Трамптын постунда экран үчүн барган сайын популярдуу жана кирешелүү өндүрүш сектору болгон телесериалдар жөнүндө сөз болгон эмес.
Кытай
Трамп ошондой эле АКШ көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кытай менен соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана Кытай менен анын приоритети адилет соода келишимине жетишүү экенин айтты.
Трамп Air Force One телеканалында журналисттерге берген маегинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен ушул аптада жолугушуу планы жок экенин, бирок америкалык аткаминерлер ар кандай маселелер боюнча кытай расмийлери менен сүйлөшкөнүн айтты.
Ушул аптада кандайдыр бир соода келишими жарыяланабы деген суроого Трамп бул "абдан мүмкүн" экенин айтты, бирок чоо-жайын айткан жок.