ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Шайлануудан өлүм жазасына: 27-майдагы түрк төңкөрүшүнүн трагедиясы
Шайланган өкмөттү кулатып өлүм жазасына жол ачкан Түркиянын алгачкы аскердик козголоңунан 65 жылдан кийин сот процесстери болгон арал азыр демократиялык жана эркин өлкө.
Шайлануудан өлүм жазасына: 27-майдагы түрк төңкөрүшүнүн трагедиясы
/ TRT World and Agencies
14 саат мурун

Конституциянын токтотулушу, парламенттин таркатылышы жана кызматтагы премьер-министрдин өлүм жазасына тартылышы Түркиянын демократиялык тарыхындагы эң караңгы учурлардын бири мындан 65 жыл мурда болду.

1960-жылдын 27-майда Түрк куралдуу күчтөрү өлкөдөгү биринчи төңкөрүштү ишке ашырды.

1946-жылы көп партиялуу саясий система киргизилгенден кийин, Демократиялык партия (ДП) 1950-жылдагы шайлоодо 53 пайыз добуш алып, 416 депутаттык орунду камсыз кылып, бийликке келген.

27 жыл бою бийликте болгон Республикалык Элдик партия (РЭП) болгону 69 орунга ээ болду. ДП эркин шайлоо аркылуу бийликке келген биринчи партия болду.

Желал Баяр президент болуп шайланып, Рефик Коралтан парламенттин төрагасы болуп дайындалды, ал эми 1950-жылдын 22-майында биринчи Мендерес өкмөтү түзүлдү.

Жаңы өкмөт тез арада реформаларды баштап, 1950-жылдын июнь айында Түрк куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражалуу офицерлерин төңкөрүш жасоого аракет кылган деген шек менен отставкага кетирди.

Булардын арасында Ббшкы штабдын төрагасы генерал Абдурахман Нафиз Гурман, аскердик бөлүктөрдүн командирлери, 15 генерал жана 150 полковник бар эле.

ДП башкаруусунда “улуттук эрк” түшүнүгү баса белгиленди. Айыл чарбасында колдонулган тракторлордун саны көбөйүп, түшүмдүүлүк өстү. Өкмөт билим берүү, өнөр жай, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармактарында да олуттуу ийгиликке жетишти.

Андан кийин ДП менен РЭПтин ортосунда чыңалуу күчөдү. 1953-жылы РЭПтин мүлкүн казынага өткөрүүгө мүмкүндүк берген талаштуу мыйзам кабыл алынып, саясий ажырым тереңдеди.

1954-жылдагы шайлоодо ДП 57 пайыз добуш жана 502 орун алып, бийлигин бекемдеди, ал эми РЭП болгону 31 депутаттык орунга ээ болду. Исмет Инөнүгө карата сын күчөп, оппозициялык тактикалары агрессивдүү боло баштады.

"Бир премьер-министрди муунтуп жатасызңар— мындан өткөн эркиндик эмне болушу мүмкүн?"

ДП бийлигин бекемдеп жатканда, экономикалык кризистин белгилери пайда боло баштады. Өкмөт менен аскерлердин ортосунда чыңалуу күчөдү, бирок премьер-министр Аднан Мендерес бул чыңалууну басаңдатууга аракет кылды.

Партиянын ичиндеги пикир келишпестиктерден улам 19 депутат “Эркиндик партиясын” түзүү үчүн бөлүнүп чыгышты. Экономикалык төмөндөө эл арасында нааразычылыкты күчөттү.

1955-жылдын сентябрында Салоникиде Ататүрктүн туулган жеринде жарылуу болду деген ушактардан кийин Анкара, Стамбул жана Измирде зомбулук башталды. Азчылыктарга таандык дүкөндөр, ибадатканалар жана көрүстөндөр талкаланып, көптөр Түркиядан көчүп кетүүгө аргасыз болушту.

Университет студенттери өкмөткө каршы нааразылык акцияларын башташты. Стамбулдун Бейазит аянтындагы демонстрацияда токой чарба факультетинин студенти Туран Эмексиз башына ок тийип каза болуп, бул дагы толкундоолорду күчөттү. Стамбул жана Анкарада аскердик абал жарыяланды.

1960-жылдын 5-майында студенттер Кызылай аянтында “555К” (5-май, саат 5те) деген код менен чогулушту. Мендерес элге кайрылууга аракет кылды, бирок бир студент анын моюнунан кармап, “Эркиндик” деп кыйкырды. Мендерес ага: “Силер премьер-министрди муунтуп жатасыңар – мындан ашык эркиндик болушу мүмкүнбү?” деп жооп берди.

21-майда аскердик курсанттар Анкарада Жеңиш эстелигине чейин унчукпай жүрүш жасап, өкмөттүн саясатына каршы экенин көрсөтүштү.

Төңкөрүш радиодон жарыяланды

Өлкөдөгү туруксуздукту негиз кылып, 38 аскер офицеринен турган “Улуттук Биримдик Комитети” 1960-жылдын 27-майынын таңында бийликти өз колуна алды. Төңкөрүш радиодон полковник Алпарслан Түркеш тарабынан жарыяланды.

“Учурда демократиябыздагы кризис жана акыркы кайгылуу окуялардан улам, Түркиянын куралдуу күчтөрү жарандык согушту алдын алуу жана бейтарап башкаруу астында адилет жана эркин шайлоо өткөрүү үчүн мамлекетти көзөмөлгө алды.”

Конституция жана Парламент таркатылып, саясий ишмердүүлүк токтотулду. Президент Желал Баяр, премьер-министр Аднан Мендерес, министрлер кабинети, депутаттар, башкы штабдын төрагасы Рүштү Эрделхун жана башка жогорку даражадагы кызматкерлер камакка алынды.

Мендерес полковник Мухсин Батур тарабынан Күтахияда кармалып, Мармара деңизиндеги Яссыада аралына которулду. Ал жерде ДПнын башка мүчөлөрү менен бирге камалып, соттолушту.

Яссыада – Демократия жана Эркиндик аралына айландырылды

Яссыададагы белгилүү сот процесстери 1960-жылдын 14-октябрында башталып, 1961-жылдын 15-сентябрында аяктады. Башкы айып “Конституцияны бузуу” болгон бул сотто ДПнын 592 мүчөсү соттолду.

Эң башта 228 адамга өлүм жазасы талап кылынды. Жогорку сот 15 адамга өлүм жазасын чыгарган, алардын ичинде мурдагы президент Желал Баяр, премьер-министр Аднан Мендерес жана министрлер Фатин Рүштү Зорлу менен Хасан Полаткан болгон. Баярдын жазасы анын жашынын улуулугунан улам өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде дүйнөлүк лидерлердин жана Папа Жон XXIIIтин өтүнүчүнө карабастан, Баяр жана бир нече адамдын жазалары жеңилдетилди. Фатин Рүштү Зорлу жана Хасан Полаткан 1961-жылдын 16-сентябрында Яссыадада өлүм жазасына тартылган. Эртеси күнү, өз жанын кыюу аракети ийгиликсиз болгон Аднан Мендерес Имралы аралында саат 13:21де дарга асылды.

Түркия Улуу Улуттук Парламенти 1990-жылы 11-апрелде Мендерес, Зорлу жана Полатканды актоо жана аброюн калыбына келтирүү үчүн мыйзам чыгарды. Алардын сөөктөрү 1990-жылы 17-сентябрда Стамбулда эстелик мавзолейине мамлекеттик азем менен кайра көмүлдү.

Кысымдан эскерүүгө өтүүнү символдоштуруу максатында, Яссыада 2020-жылы төңкөрүштүн 60 жылдыгында Демократия жана Эркиндиктер аралы деп кайра аталды. Бир кезде адилетсиздиктин символу болгон арал, Түркиянын толкундуу саясий тарыхын жана демократиялык туруктуулугун чагылдырган коомдук музейге жана билим берүү борборуна айландырылды.

Бир кезде сот залы болгон бул жер азыр диалог, эскерүүлөр жана жаңылануу үчүн аянтча катары кызмат кылууда.

.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us