ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Непалдык "Эверест адамы" 31 жолу чокуга чыгып, өз рекордун жаңылады
55 жаштагы Ками Рита Шерпа 1994-жылы коммерциялык экспедиция учурунда биринчи жолу Эверест тоосунун чокусуна чыккан.
Непалдык "Эверест адамы" 31 жолу чокуга чыгып, өз рекордун жаңылады
/ Reuters
18 саат мурун

55 жаштагы непалдык альпинист жана "Эверест адамы" деп аталган Ками Рита Шерпа шейшемби күнү дүйнөдөгү эң бийик тоо Эвересттин чокусуна 31-жолу чыгып, рекорддун жаңылады. Бул ийгилик анын биринчи жолу чокуга чыгушунан 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин ишке ашты.

"Легендарлуу Ками Рита Шерпанын Эверестке 31-жолу ийгиликтүү чыккандыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз – бул тарыхтагы эң көп чыгуу саны," – деп билдирди Seven Summit Treks экспедициясын уюштуруучулар.

Уюштуруучулар тарабынан жасалган билдирүүдө: "Ками Рита Шерпа тааныштырууга муктаж эмес ысым. Ал улуттук альпинизм баатыры гана эмес, ошол эле учурда Эвересттин дүйнөлүк символу", - деп айтылды.

Шерпа биринчи жолу Эвересттин чокусуна 1994-жылы коммерциялык экспедицияда иштеп жүргөндө чыккан. Ошондон бери ал дээрлик жыл сайын Эверестке чыгып, кардарларды жетектеп келет.

Өткөн жылы, 8849 метр бийиктиктеги чокуга 29 —жана 30-жолу чыккандан кийин сөз сүйлөгөн Шерпа: "Мен жөн гана жумушумду аткарып жатам",- деп, рекорд коюу планынын жок экендигин белгилеген.

"Рекорд үчүн кубанычтамын, бирок рекорддор бир күн жаңыланат. Мен эң көп Непалдын дүйнөгө таанылышына салым кошконум үчүн бактылуумун," – деп билдирет AFP маалымат агенттигине.

Seven Summit Treks маалыматына ылайык, Шерпа шейшемби күнү Индия армиясынын командасын жетектеп, чокуга чыгып, командадагы акыркы мүчөлөрдү да чокуга жеткирген.

Бул жетишкендик жазгы альпинизм сезону аяктап жаткан учурда ишке ашты. Непалдын Туризм департаментинин маалыматына караганда маршрут ачылгандан бери 500дөн ашуун альпинист жана гид Эвересттин чокусуна жетип, кыска мөөнөттүү жакшы аба ырайынан пайдаланышты.

Быйылкы сезон акыркы жылдардагы өлүм эң аз катталган учур болду. Эвересттин бийик лагерлеринде бир филиппиндик жана бир индиялык эки альпинист каза болушту.

Быйыл Непал 1100дөн ашуун альпинисттик уруксат берип, анын ичинде Эверест үчүн 458 уруксат берип, 5 миллион доллардан ашуун киреше тапты. Өлкөдө дүйнөнүн эң бийик 10 чокусунун сегизи жайгашкан жана жыл сайын жазда аба ырайы жумшак жана шамал тынч болуп турган кезде жүздөгөн авантюристти кабыл алууда.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us