Франция бөгөт коюуга аракет кылган Европа Биримдиги менен тарыхый соода келишиминин тагдыры, ушул аптада Түштүк Американын Меркосур блогу өткөрө турган саммитте маанилүү күн тартиби катары алдыңкы орунга чыгууда.
Брюссель декабрь айында Меркосурдун негиздөөчү мүчөлөрү болгон Аргентина, Бразилия, Парагвай жана Уругвай менен келишимге жетишти. Бул келишим Европа Биримдигине Түштүк Америкага көбүрөөк унаа, машина жана дары-дармек сатууга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда аймактан көбүрөөк эт, кант, күрүч жана соя буурчактарын импорттоого жол ачат.
Келишим 25 жылдык процесстин натыйжасы болгонуна карабастан, азыр да ЕБге мүчө мамлекеттер жана Европа парламенти тарабынан бекитилишин күтүүдө.
Францияда дыйкандардын аз жөнгө салууларга туш болгон латын америкалык кесиптештери тарабынан конкуренциянын астына түшүрүлүү тынчсыздануусунан улам келишимге катуу каршы чыгып, Германия, Испания жана Португалия сыяктуу өлкөлөрдөн колдоо табууда.
“Бүгүн топ Европа аянтында”,- деди Аргентина папалык католик университетинин эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Ариэль Гонсалес Леваджи АФПге берген маегинде. Бирок Брюсселдин өзгөчө Франциянын каршылыгынан улам алдыга жылууну каалабагандыгын да кошумчалады.
Келишимдин Европа Биримдиги жана түштүк америкалык колдоочулары Трамптын бажы тарифтери чабуулу Атлантиканын эки тарабындагы экспорттоочуларга АКШнын жазалоочу салыктары болгон учурда жаңы базарларды камсыздай турган келишимге жаңы дем берерин ойлошкон.
Аргентинанын илимий-техникалык изилдөөлөр кеңешинин Конисетинин изилдөөчүсү Флоренсиа Рубиоло билдиргендей, келишим «Меркосурдун бардык мүчөлөрү үчүн жекече жана блок катары стратегиялык мааниге ээ».
Рубиоло бул келишимдин ратификацияланышы Аргентинанын либертариалык президенти Хавьер Милейге Меркосурдун курамында болуунун баалуулугун көрсөтөөрүн айтты. Милей өкмөтү Меркосурдун мүчөлөрүн жеке соода келишимдерин түзүүсүн чектей турган эрежелерине каршы чыгууда.
Милей АКШ менен эркин соода келишимин түзүүнү көздөп жатат жана керек болсо Вашингтон менен келишим түзүү үчүн Меркосурдан чыга аларын билдирди.
"Эң төмөнкү чекит"
Жарым жылдык Меркосур саммити Түштүк Американын эң чоң жана экинчи чоң экономикалары болгон Бразилия менен Аргентинанын ортосундагы карым - катнаштар эң төмөкү деңгээлде турган мезгилде өтүп жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамптын чоң күйөрманы болгон Милей, тажрыйбалуу солчул Лулага болгон нааразычылыгын жашырган жок жана өткөн күндөрдө аны "коррупционер" жана "коммунист" деп атаган.
Лула Аргентинанын лидери "болбогон сөз" айтып жатканын айтты.
Эки лидердин ортосундагы жек көрүү, Лула өткөн жылдын ноябрь айында Рио-де-Жанейродогу G20 саммитинде Милейди кабыл алган учурда ачык көрүнгөн.
Чыңалуулар, эгерде Луланын Буэнос-Айреске болгон сапары алты жылга эркинен ажыратылган жана үй камагында отурган6 мурдагы солчул президент Кристина Киршнерге баруу үчүн колдонула турган болсо дагы да күчөшү мүмкүн.
Киршнер шейшемби күнү Милейди кыжырдантуусу ыктымал болгон бир аракет менен Луланын өзүнө тилектештик сапары менен келишине уруксат сурады.
Бирок Лула аргентиналык кесиптешинин үйүндө ачуусун келтирүү тобокелчилигине барабы же жокпу, белгисиз болчу.
Латын Америкасынын социалдык илимдер факультетинин эл аралык мамилелер боюнча эксперти Жулиана Пейшото АФПге :"Бразилия менен Аргентинанын ортосундагы мамилелер саясий шайкештик жагынан эң начар мезгилди өткөрүп жатышыбыз мүмкүн", - деп билдирди.
Пейшото ошнетсе да Боливияны да камтыган Меркосурдун чыңалууларга чыдашын күткөнүн айтты.
Пейшото : "Чакан, бирок туруктуу соода өзөгү бар жана анын жашоосуна шарт түзгөн башка тиешелүү күн тартиби да бар",-деди.