ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Рубио Армения-Азербайжан тынчтык келишимин колдоду
Буга чейин Азербайжан менен Армения ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжалды токтотуп, Баку менен Еревандын ортосунда дипломатиялык мамилени камсыздай турган тынчтык келишиминин долбоору боюнча макулдашканын өз-өзүнчө жарыялашкан.
Рубио Армения-Азербайжан тынчтык келишимин колдоду
/ AFP
26 Март 2025

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишимин кубаттап, аймакта туруктуу коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс шейшембиде Рубио менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин жасаган билдирүүсүндө: «Мамлекеттик катчы Азербайжан менен түзүлгөн тынчтык келишимин кубаттады жана аймактык чыр-чатактын айлампасын бузуп, Түштүк Кавказга коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүү алып келе турган туруктуу тынчтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи”,-деди.

Билдирүүдө Рубио менен Пашиняндын Түштүк Кавказда чыңалуунун күчөшүнүн кабыл алынгыс экени боюнча макулдашканы айтылды.

Эки тарап ошондой эле өз өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде жалпы кызыкчылыктарды чечүү аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого умтуларын дагы бир жолу ырасташты.

Бул телефондук сүйлөшүү Азербайжан менен Армениянын көп жылдык жаңжалды токтотуп, Баку менен Еревандын ортосунда дипломатиялык байланыштарды түзүүгө багытталган тынчтык келишиминин долбоору боюнча макулдашканын жарыялагандан бир нече күн өткөндөн кийин болду.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us