АКШнын Юстиция министрлиги билдиргендей, 2022-жылы төрт индиялык жарандын, анын ичинде 3 жаштагы жана 11 жаштагы балдардын өлүмүнө алып келген адам аткезчилиги операциясына катышкан эки адам соттолду.
29 жаштагы Харшкумар Раманлал Пател логистикалык уюштуруудан жооптуу болгондуктан 10 жылдан ашык эркинен ажыратылса, 50 жаштагы шериги Стив Энтони Шанд мигранттарды алып, АКШга ташыганы үчүн 6 жылдан ашык эркинен ажыратылды.
Юстиция өкүлдөрүнүн айтымында, калыстар тобу бул эки адамды "индиялык жарандарды жалган студенттик визалар менен Канадага алып келип, андан кийин АКШга мыйзамсыз өткөрүп турган чоң масштабдагы адам аткезчилиги операциясында” иштеген деген негиз менен күнөөлүү деп тапты.
2022-жылдын январь айында катуу суук учурунда Пател жана Шанд Канаданын аймагынан АКШга 11 индиялык жаранды жөө алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул учурда шамалдын ылдамдыгы менен эсептелген абанын температура - 37.8 градус Цельсийди түзгөн, деп билдирди Юстиция министрлиги.
АКШнын чек ара күзөтчүсү Шандын фургонун Миннесота штатында кардын ичинде тыгылып калган абалда тапкан. Шанд суукта калган башка эч кимдин жок экендигин айткан.
“Суукта өлүмгө ташталды”
Бирок аянттан беш адам табылды жана алардын бири оор абалда аба жолу аркылуу ооруканага жеткирилди.
Шанд эки мигрант менен кошо камакка алынды.
Бирок төрт кишилик үй-бүлө Канаданын Королдук атчан полициясынын Канаданын обочолонгон аймагынан тоңгон денелерди тапканга чейин табылган эмес.
39 жаштагы Жагдиш Пател, жубайы Вайшали, 11 жана 3 жаштагы эки баласы 2022-жылдын 19-январында АКШга кирүүгө аракет кылып жатып Канаданын Манитоба штатында бороондо калып тоңуп каза болгон.
Каза болгондор Гуджараттагы Дингуча айылынан болушкан. Алар чакан дүкөн иштетип жатып чоң каржылык чыгымга учурап, дыйканчылык кирешеси менен күн өткөрүүдөн кыйналып, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
"3 жаштагы баласы жуурканга оролгон, атасынын тоңуп калган мээлейи бетин жаап калган", - деп билдирди АКШнын Юстиция министрлиги.
«Бул иш жөнүндө ойлогон сайын, бул үй-бүлө, анын ичинде эки кичинекей бала жөнүндө ойлоном. Алар бороондо тоңуп өлүүгө ташталган», – деди АКШнын убактылуу прокурору Лиза Д. Киркпатрик.