Орусиянын жогорку даражалуу кызматкери Түркиянын Стамбул шаары Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн “негизги аянтчага” айланганын жана эки өлкө үч жылдан бери биринчи жолу түз сүйлөшүүлөрдү ушул айдын башында өткөргөнүн айтты.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу бейшемби күнү Түркия Республикасынын президентинин Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Окай Мемиш менен жолугушууда: «Стамбул платформасы Кара деңиз дан келишими жана азыр Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу бардык чөйрөлөрдө сүйлөшүүлөрдүн негизги платформасына айланды», - деди.
Маалыматта Шойгунун, Орусия менен Украинанын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүнө карата аянтча түзүп бергендиги үчүн Түркиянын жетекчилигине ыраазычылык билдиргени айтылды.
Шойгу сөзүн мындай деп улантты: “Делегациялардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылууда Анкаранын чоң аракеттерди көргөнүн билебиз”.
16-майда Орусия менен Украина үч жылдык тыныгуудан кийин Стамбулда биринчи түз сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү. Бул сүйлөшүүлөрдө эки тарап тең 1,000ден ашуун адамды камтыган чоң масштабдагы туткундарды алмашуу боюнча макулдашты.
Түркиянын ортомчулугу менен өткөн бул сүйлөшүүлөрдө тараптар ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга да макулдашышкан.