Тышкы иштер министри Хакан Фидан социалдык медиа аккаунтунда 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата билдирүү жарыялады. Фидандын билдирүүсүндө булар орун алды : «Чет элдик чалгындоо кызматтарынын күн тартибин көздөгөн, Түркияга тизе бүктүрүү кыялы менен аракет кылган чыккынчылык тармактары эсепке ала албаган нерсе; элибиздин эркиндигине жана адилеттүүлүккө болгон берилгендиги жана мамлекетибиздин күчү.
Президентибиздин кыраакылыгы жана асыл улутубуздун эрки 15-июлга караган түнү ФЕТӨго тоскоол болду. Өзүнүн чечкиндүүлүгүн көрсөткөн элибиз эч кандай коркунучка моюн сунбастыгын дагы бир жолу көрсөттү.
ФЕТӨнүн кыянаттык күн тартибин ачыкка чыгарган мамлекетибиз; бул террордук уюм кайсы жерде баш калкалаган болсо да артынан түшүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн дүйнөнүн ар бурчунда чечкиндүү түрдө кадам таштоодо.
ФЕТӨ менен күрөшүүдө эч качан тартынбаган баатырларга 15 - июль күнү жана андан мурун мекен үчүн жанын берген шейиттерибизге Аллахтын ырайымын тилеп, ардагерлерибизге ыраазычылыгымды билдирем.
Түркияга зыян келтирүүнү каалаган ар бир аракет өткөн күндө болгондой эле келечекте да ийгиликсиз болот.
15 - июль Демократия жана улуттук биримдик күнү куттуу болсун».