ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Грециянын деңиз планын айыптады жана деңиздердеги укуктарын коргой турганын билдирди
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жабык же жарым-жартылай жабык деңиздерде бир тараптуу демилгелерден качуу керектигин баса белгилеп, эл аралык деңиз мыйзамдарынын жээктеги мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кубаттай турганын эске салды.
Түркия Грециянын деңиз планын айыптады жана деңиздердеги укуктарын коргой турганын билдирди
"We condemn the attacks carried out on the Zamzam refugee camp near Al Fasher, Sudan, which resulted in the killing of humanitarian aid workers and many civilians," the Turkish Foreign Ministry said in an official statement. / TRT World and Agencies
17 Апрель 2025

Түркия Грециянын жаңы жарыяланган «Деңиз мейкиндигин пландоо» (MSP) планынын айрым бөлүктөрүн катуу сынга алып, пландын Түркиянын Эгей деңизиндеги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги деңиз юрисдикциясына карама-каршы келгенин жактады.

Тышкы иштер министрлигинен шаршемби күнү жасалган билдирүүдө Афинанын мындай бир тараптуу кадамдарынын Түркия үчүн эч кандай юридикалык күчү жана натыйжасы жок экени дагы бир жолу баса белгиленди.

«Европа Биримдиги мыйзамдарына ылайык Греция жарыялаган «Деңиз мейкиндигин пландоодо» (DMP) көрсөтүлгөн аймактардын айрымдары биздин өлкөнүн Эгей деңизиндеги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги деңиз юрисдикция аймактарын бузуп жатат» деп айтылды.

TRT Global - Türkiye requests explanation from Greece over ‘impertinent’ chants at military parade

Turkish Foreign Ministry sources call the incident an unacceptable attempt to undermine Turkish-Greek relations.

🔗

Түркия диалогду жактаган позициясын ырастайт

Министрлик жабык же жарым-жартылай жабык деңиздерде бир тараптуу демилгелерден качуу керектигин баса белгилеп, эл аралык деңиз укугунун жээктеги мамлекеттердин кызматташуусун кубаттай турганын эске салды.

«Ушул контекстте Түркия Эгей деңизинде Греция менен кызматташууга ар дайым даяр»,деген билдирүүгө орун берилип, Анкаранын чыңалуунун күчөгөнүнө карабастан диалогго ачык экени белгиленди.

 «Мурунку аракеттердин эч кандай юридикалык негизи жок»

 Министрлик Грециянын буга чейин жасаган ушуга окшош демилгелери жана болооору болду (фаит аккомпли) деген аракеттери да эч кандай юридикалык салмакка ээ болбогонун билдирди.

Түркия акыркы демилгелердин да укуктук жана дипломатиялык жактан натыйжасыз болорун жактады.

«Бул чечимдер жана ишке ашкан аракеттер кечээкидей бүгүн да, эртең да өлкөбүз үчүн эч кандай юридикалык кесепеттерге алып келбейт», - деп айтылат билдирүүдө.

TRT Global - Türkiye-EU high-level economic dialogue resumes after six-year hiatus

Turkish Finance Minister Mehmet Simsek emphasises the need to modernise the 1995 Türkiye-EU Customs Union, urging its expansion to public procurement, services, and agriculture to unlock significant economic potential.

🔗

2023-жылкы Афина декларациясына шилтеме

Анкара ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда 2023-жылдын 7-декабрында кол коюлган Достук мамилелер жана жакшы коңшулук Афина декларациясын эске салып, бул документтин эки тараптуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жол көрсөтүүчү негиз болоорун билдирди.

«Түркия көйгөйлөрдү эл аралык укуктун, теңчиликтин жана жакшы коңшулаштыктын негизинде чечүү үчүн чын ыкластуу жана ар тараптуу мамиленин кабыл алынышы керек» деген позициясын карманууда» делди.

Түркия өзүнүн деңиз планын сунуштайт

Грециянын ДМПсына жооп катары Түркия өзүнүн деңиз мейкиндигин пландоосун ЮНЕСКОго жана БУУнун тиешелүү органдарына тапшыра турганын жарыялады.

Бул кадам Түркиянын деңиздеги ыйгарым укуктарын баса белгилөө жана Грециянын чектен чыгуусуна каршы туруу максатын көздөйт.

Бул акыркы кырдаал түрк-грек карым-катнаштарында эки өлкө тең дипломатия жана өз ара урмат көрсөтүүнү баса белгилеген ийкемдүү мезгилге туш келди. Грециянын деңиз дооматтары бул жакшы ниеттин чектерин бузуу аракетин көрүп жатат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us