Түркиянын гуманитардык кемеси 1,600 тоннадан ашык жардам жүктөп, Судандын Порт-Судан портуна жетти. Бул кеме өлкөдө күчөп жаткан гуманитардык кризиске маанилүү колдоо көрсөтүүдө.
“Кайрымдуулук кемеси” деп аталган бул экинчи кеме Түркиянын Гуманитардык Жардам Фонду (IHH) тарабынан жөнөтүлдү жана 1,605 тонна азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана баш калкалоочу материалдарды жеткирди.
Дүйшөмбү күнү портко барган кеме Түркиянын Хартумдагы элчиси Фатих Йылдыз, Түркиянын Гуманитардык Жардам Фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Мехмет Энес Арыкан, Судандын Гуманитардык Жардам Комиссары Селва Адем жана жергиликтүү жетекчилер катышкан расмий азем менен тосуп алынды.
Түркиянын элчиси Йылдыз Анадолу агенттигине берген маегинде: "Бул Түркиянын кагылышуулар башталгандан бери жөнөткөн төртүнчү гуманитардык жардам кемеси. Алардын экөө Түркиянын Апааттар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан координацияланган, ал эми бул Түркиянын Гуманитардык Жардам Фондунун экинчи кемеси”,- деди.
Жылдыз бул миссиянын символикалык да, практикалык да маанисине көңүл буруп, Судандын борборундагы коопсуздук абалдын жакшырганы тууралуу маалыматтардын келип жаткандыгын белгиледи.
“Мындай кеменин келиши биздин эле эмес, Судан калкынын да маанайын көтөрүүдө. Хартум бошотулуп жаткан бир мезгилде биздин тилектештигибиз мурдагыдан да маанилүү”,- деди.
Судан элин колдоо боюнча узак мөөнөттүү чечкиндүүлүктөрүн кайталаган Түркиянын Гуманитардык Жардам Фондунун жетекчиси Арыкан учурдагы кризистин 2023-жылдын 15-апрелинде атаандаш аскердик топтордун ортосунда катуу кагылышуулардын чыгышы менен уланганып жаткандыгын белгиледи.
«Жакшылык биздин жол башчыбыз, Судан биздин саякатыбыз» деген ураан менен ишибизди улантып жатабыз. Жергиликтүү бийлик жана гуманитардык өнөктөштөр менен биргеликте биз эң муктаж болгондорго жетүүнү максат кылуудабыз",- деди Арыкан.
Жардам жүктөрү жакынкы күндөрдө Судандын кагылышуулардан жабыркаган аймактарына жеткирилип, көчүрүлгөн, азык-түлүк коопсуздугу начар жана негизги кызматтарга жетүү кыйын болгон жамааттарга жардам көрсөтүлөрү күтүлүүдө.
Судандагы абал
Шейшемби күнү жарым аскердик күчтөрдүн армияга караштуу өкмөттүн күч борборуна кол сала баштаганына үч күн болду. Порт-Суданда жарылуу үндөрү угулууда.
2023-жылдын 15-апрелинен бери Парамилитардык Ыкчам Колдоо Күчтөрү (RSF) Судандын көзөмөлү үчүн армиясы менен кагылышууга кирүүдө жана бул абал миңдеген адамдардын өмүрүн алып, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бирин жаратты.
БУУ жана жергиликтүү жетекчилердин маалыматы боюнча, 20,000ден ашык адам каза болуп, 15 миллион адам жер которууга аргасыз болду.
Бирок АКШлык изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, каза болгондордун саны 130,000ге жакын болушу мүмкүн.