Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Израилдин Газадагы геноцидин, аймактагы аракеттерин жана Иранга кол салууларын айыптаган билдирүүнү бир добуштан кабыл алды.
Шаршемби күнү расмий гезитте жарыяланган билдирүүдө депутаттар Израиль режиминин ондогон жылдарга созулган басып алуусу, системалуу зордук-зомбулуктары жана миңдеген адамдардын өмүрүн алган Газадагы акыркы бомбалоолору менен «адамзатка каршы кылмыштарды» жасаганын баса белгилешти.
Билдирүүдө Израилдин Иранга кол салуусу да «чагымчыл жана коркунучтуу кадам» катары сыпатталып, бул аракеттер аймакты кеңири согушка сүйрөө коркунучу бар экени эскертилди.
«Израилдин аймактык тынчтыкка коркунуч туудурган бардык аракеттерин, өзгөчө Газа элине каршы геноцидин жана акыркы убакта Иранга жасаган чабуулдарын катуу айыптайбыз», - деп айтылды.
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны аймактагы "күнөөсүз элдердин" жанында болоорун жана дипломатия аркылуу туруктуу тынчтыкты орнотуу аракеттерин колдой турганын билдирди.
Түркиянын Парламенти ошондой эле эл аралык мекемелерди жана өкмөттөрдү унчукпай коюуну токтотууга чакырып, алар мамлекет тарабынан каржыланган зордук-зомбулук катары аныкталган аракеттерге каршы “мыйзам жана дипломатияга негизделген жоопкерчиликти” өзүнө алуулары керектигин баса белгиледи.
17-июнда кабыл алынган жана Бириккен Улуттар Уюмуна багытталган билдирүүдө, Түркиянын Жакынкы Чыгышта тынчтык, туруктуулук жана адилеттүүлүк үчүн аракеттерди колдоону улантары айтылды.