Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын коргоо өнөр жайындагы чоң жетишкендикти жарыялап, өлкөнүн ата мекендик өндүрүшү болгон 48 даана KAAN аскердик учагы Индонезияга экспорттоло турганын билдирди.
Шаршемби күнү X платформасында жарыяланган билдирүүсүндө Эрдоган бул өнүгүүнү "абдан маанилүү жана кубанычтуу кадам" деп мүнөздөп, учактар Индонезия менен түзүлгөн келишимдин алкагында Түркияда өндүрүлөрүн айтты.
Келишим ошондой эле өндүрүш процессине Индонезиянын жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрүн кошууну да камтыйт.
“Ата мекендик жана улуттук коргоо өнөр жайыбыздын жетишкендиктерин жана учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган бул келишим Түркия менен Индонезия үчүн пайдалуу болот деп ишенем,” – деди Эрдоган.
“Рекорддук экспорт келишими”
Эрдоган келишимдин ишке ашуусунда маанилүү роль ойногон Индонезиянын президенти Прабово Субиантого ыраазычылык билдирди.
Түркиянын тарыхындагы «рекорддук экспорт келишимин» камсыздаган Коргоо өнөр жайы башкармалыгын, Түрк Аэрокосмикалык өнөр жайын (TUSAŞ) жана бул процесске катышкан бардык мекемелерди куттуктады.
Өкмөтүнүн секторго колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгилеген Эрдоган: “Биз коргоо өнөр жайыбызды мындан ары да чыңдоо үчүн ар түрдүү колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Бул тармакта иштеген бардык бир туугандарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем,” – деди.
Бешинчи муундагы учак катары классификацияланган KAAN аскердик учагы, радардан качуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Ар бири 13,000 килограмм тартуу күчүн камсыз кылган кош кыймылдаткыч менен иштейт. Бул өзгөчөлүктөрдүн негизинде учак 1,8 Mach ылдамдыгына жете алат.
TUSAŞ ошондой эле жасалма интеллект, өнүккөн сенсор системалары жана учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөө жөндөмүн бириктире турган алтынчы муундагы моделдин үстүндө ишин улантууда.