ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистанда бир имараттын кулашы менен 14 киши каза болуп, издөө - куткаруу иштери улантылууда
Пакистанда көп кабаттуу имараттын кулашы менен көп сандаган киши каза болду.
Пакистанда бир имараттын кулашы менен 14 киши каза болуп, издөө -  куткаруу иштери улантылууда
/ AFP
9 саат мурун

Пакистанда беш кабаттуу имараттын кулашы менен каза болгондордун саны 14кө эетти. Куткаруу операциясы экинчи күнү да улантылууда.

Карачинин Ляри аймагында жайгашкан имарат жума күнү эрте менен саат 10:00 чамаларында кулады.

Окуя болгон жерде мамлекеттик 1122 куткаруу линиясынын башкаруучусу Абид Жалалуддин Шайх Франс Пресс агенттигине куткаруу жана сөөктөрдү чыгаруу операциясынын түнү менен жа жүргүзүлгөндүгүн, иштин дагы 8-12 саатка созулушу мүмкүн экенин айтты.

Карачидеги бир ооруканада сөөктөр кабыл алынган жердеги полиция кызматкери Суммайя Сайед Франс Пресс агенттигине маалымат берип, ишемби күнү эртең менен каза болгондордун саны 14кө жеткенин, алардын жарымы аялдар экенин, ал эми 13 адамдын жаракат алганын айтты.

Жогорку мартабалуу полиция кызматкери Ариф Азиз Франс Пресс агенттигине берген билдирүүсүндө имаратта 100гө жакын кишинин жашаганын маалымдады.

Имараттын 70 жаштагы тургуну Джумхо Махешвари эрте менен жумушуна баратканда үй - бүлөсүнүн алты мүчөсүнүн биринчи кабаттагы батиринде болгонун айтты.

"Эми менин эч нерсем калган жок – үй-бүлөм уранды астында калды жана алардын куткарылышы үчүн дуба кылып жатам”,- деди.

Башка бир тургун Майя Шам Жи бир тууганынын үй-бүлөсү да урандылардын астында калганын айтты.

"Бул биз үчүн чоң трагедия," - деди.

"Эч нерсе кыла албайбыз. Бир гана куткаруу топторунун коопсуз түрдө жакындарыбызды куткарышын күтүп жатабыз”.

Ал учурда имараттын тышында болгон 30 жаштагы тургун Шанкар Камхо ичкериде 30га жакын үй - бүлөнүн жашаганын айтты.

Жубайынын өзүнө телефон чалып имаратта жаракалардын чыкканын айтканын белгиледи.

"Мен ага дароо чыгып кетүүнү айттым," - деди Камхо.

"Ал коңшуларды эскертүү үчүн барды, бирок коңшу аял ага 'бул имарат дагы 10 жыл чыдайт' деп айтты," - деди.

Камхо ошентсе да аялы менен кызынын имараттан чыкканын, андан 20 минутадан кийин имараттын кулаганын айтты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us