ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШнын Өкүлдөр палатасынан кызматкерлер үчүн WhatsApp тыюу салуусу
Фейсбук менен Инстаграмга да ээлик кылган технологиялык гигант Meta бул кадамга "катуу каршы" экенин билдирди.
АКШнын Өкүлдөр палатасынан кызматкерлер үчүн WhatsApp тыюу салуусу
A Meta spokesperson released a statement saying the company disagreed with the move. / AP
15 саат мурун

Медиа булактарынын айтымында, АКШнын Өкүлдөр палатасы дүйшөмбү күнү палатанын бардык кызматкерлерине эскертүү жөнөтүп Meta компаниясына таандык WhatsApp платформасын мамлекеттик түзмөктөрдө колдонууга тыюу салды.

Технологиялык гиганттын административдик башчысы тарабынан жөнөтүлгөн эскертүүдө “Киберкоопсуздук кеңсеси, WhatsApp платформасы колдонуучулардын маалыматтарын коргоо боюнча ачык-айкындуулуктун жоктугу, сакталган маалыматтарды шифрлөө мүмкүнчүлүгүнүн болбогондугу жана аны колдонууга байланыштуу потенциалдуу коопсуздук тобокелдиктеринен улам колдонуучулар үчүн чоң коркунуч жаратат деп эсептейт”, – деген сөздөр камтылды.

Ошондой эле Өкүлдөр палатасынын эскертүүсүндө кызматкерлерге Amazon.com компаниясынын Wickr, Apple компаниясынын iMessage жана FaceTime, Microsoft корпорациясынын Teams платформасы жана Signal сыяктуу башка жазышуу колдонмолорун колдонуу сунушталды.

Meta компаниясынын өкүлү бул чечимге “катуу каршы” экенин билдирип, WhatsApp платформасы Өкүлдөр палатасынын эскертүүсүндө сунушталган башка колдонмолорго караганда жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кыларын кошумчалады.

Январь айында WhatsApp өкүлү, Израилдин шпиондук программаларды иштеп чыгуучу Paragon Solutions компаниясы журналисттерди жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирге көптөгөн колдонуучуларды бутага алганын билдирген.

2022-жылы Өкүлдөр палатасы коопсуздук маселелеринен улам бардык кызматкерлерге TikTok социалдык медиа платформасын колдонууга тыюу салган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us