ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Тышкы иштер министри: "Түрк дүйнөсү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болууну улантат"
"Түркия менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы байланышты алсыратууну көздөгөндөрдүн манипуляциялык аракеттери ийгиликтүү болбойт",- деп билдирди Түркиянын тышкы иштер министри.
Тышкы иштер министри: "Түрк дүйнөсү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болууну улантат"
‘Turkic world as a whole will continue to stand by Turkish Cypriots,’ says Hakan Fidan. / AA
24 Апрель 2025

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы мамилени алсыратууга карата жасалган аракеттердин ийгиликсиз аяктай тургандыгын эскертти.

Бейшемби күнү Анкарада Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Фидан: “Биз менен түрк дүйнөсүнүн ортосуна жарака кетирүүнү каалагандардын манипуляциялары ийгиликтүү боло албайт”, - деди.

“Түрк дүйнөсү кипрдык түрктөрдүн жанында болууну улантат. Бул тууралуу саясаттарыбызды сабырдуулук менен улантабыз”,- деп кошумчалады Фидан.

Газа маселесине да токтолгон Фидан 50 күндөн ашык убакыттан бери гуманитардык жардамдардын Газага киргизилбей жатканын белгилеп, ачарчылыкты курал же жазалоо ыкмасы катары колдонууга болбой тургандыгын айтты.

Норвегиянын Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде Газада тууралуу “үнсүздүктөн” тынчсыздангандыгын билдирип, көптөгөн Батыш өлкөлөрүнүн так позицияда турбоо менен ката кетирип жаткандыгын айтты.

100 жылдык дипломатиялык карым - катнаштар

Фидан 2026-жылы Түркия менен Норвегиянын ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштардын 100 жылдыгы болорун жарыялап, эки тараптуу карым - катнаштарды тереңдетүүдө чечкиндүү экендерин билдирди.

Кызматташууну күчөтүү аракеттерине токтолгон министр эки тараптуу сооданын 1 миллиард доллардан ашканын жана эки өлкөнүн бул көрсөткүчтү көбөйтүү үчүн тынымсыз иштеп жаткандыгын белгиледи. Деңиз транспорту экономикалык кызматташтыктын негизги багыты экендигин, түрк кемелеринин Норвегиянын кемелер куруучу заводдорунда курулуп жаткандыгын айтты.

Министр коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыктын өсүп жатканын баса белгилеп, эки өлкөнүн компанияларын жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө чакырды. Энергетика секторундагы пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөргө көңүл буруп, Түркиянын Норвегиядан ПКК жана ФЕТО террордук уюмдарына каршы күрөшүү боюнча колдоо күтүп жатканын кайталады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us