Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, Пакистан армиясынын башчысы маршал Асим Мунир менен АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Ак үйдөгү жолугушууда соода, экономикалык өнүгүү жана криптовалютаны талкуулашты.
"Президент Трамп Пакистан менен узак мөөнөттүү стратегиялык макулдашууга жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген өз ара пайдалуу соода өнөктөштүгүн түзүүгө абдан кызыкдар экенин маалымдады", - деп айтылат армиянын бейшемби күнкү билдирүүсүндө.
Мунир жана Трамп ошондой эле Израиль менен Ирандын ортосундагы учурдагы чыңалуу боюнча пикир алмашышты.
‘Бир согушту токтоттум’
АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистан армиясынын башчысы маршал Асим Мунирди Индия менен согушту токтотууда маанилүү роль ойногону үчүн мактады.
“Бүгүн маршал Асим Мунирди кабыл алуу мен үчүн чоң сыймык болду”, — деди Трамп Вашингтондогу түшкү жолугушуудан кийин.
Жыйын Кабинет бөлмөсүндө жабык эшик артында өттү.
Трамп “Мен аны согушту токтотууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирүү максатында чакырдым. Ошондой эле Пакистан менен соода келишими жана аймактык маселелер, анын ичинде Иран боюнча сүйлөштүк”, — деп кошумчалады.
Түшкү тамактануунун алдында журналисттерге маалымат берген Трамп Түштүк Азиядагы атаандаштар ортосундагы жаңжалдын алдын алганын кайталады. “Алар согушууга даярданып жатышкан, экөө тең ядролук өлкөлөр. Мен эки чоң мамлекеттин ортосундагы согушту токтоттум”, — деди.
Трамп бул кырдаалды жөнгө салууда генерал Мунирди жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модини мактады.
“Бул адам [Мунир] Пакистан тараптан бул маселени чечүүдө абдан таасирдүү болду, ал эми Моди Индия тараптан”, — деди.
“Мен Пакистанды жакшы көрөм. Моди сонун адам. Кечээ кечинде аны менен сүйлөштүм, биз Индия менен соода келишимин түзөбүз”, — деп кошумчалады Трамп.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келлинин айтымында, жолугушуунун себептеринин бири да маршал Мунирдин соңку коомдук билдирүүлөрү эле. Өткөн айда Мунир Индия менен Пакистандын ортосундагы “өзөктүк согуштун” алдын алганы үчүн Трампка Нобель сыйлыгын ыйгарууга чакырган.