ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ жана Израиль Ирандыy ядролук мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү боюнча ар башка пикирде
Вашингтон Ирандын жеткиликтүү бомба жасашы үчүн 2 - 3 жылдын бар экендигине ишенсе, Израиль коркунучтун жакын экендигинде катуу турууда.
АКШ жана Израиль Ирандыy ядролук мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү боюнча ар башка пикирде
/ AP
8 саат мурун

АКШ менен Израиль Ирандын өзөктүк курал иштеп чыгууга канчалык жакын экендиги боюнча олуттуу пикир келишпестик ичинде. Шейшемби күнү басма сөздө орун алган кабарларга караганда АКШнын чалгындоо боюнча баа берүүлөрү Тегерандын бул максатка жетишине али көптөгөн жылдын бар экендигин тууралуу болсо Тель - Авив коркунучтун жакын экендигин айтууда.

CNNдин билдирүүсүнө ылайык, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран куралданууга карай тездик менен жылып жатканын айтып, Израилдин Ирандын өзөктүк жана аскердик инфраструктурасына бир катар чабуулдарды жасаганын белгиледи.

Бирок, бул маселеге жакын төрт булак CNNге АКШнын чалгындоо кызматынын Ирандын учурда өзөктүк бомба жасап жаткандыгына ишенбегенин жана бир бомба өндүрүп, жайгаштыруу үчүн кеминде 2 - 3 жылдын керектигин айтты.

Акыркы кол салуулар Натанз сыяктуу өзөктүк объектилерге зыян келтирди, бирок катуу кайтарылган Фордоу байытуу объектисине тийген жок. Коргоо боюнча эксперттердин айтымында, Фордоу объектисине зыян келтирүү үчүн Израилдин АКШнын айрым курал-жарактарына жана абадан колдоого муктаж.

"Израиль бул өзөктүк объектилердин үстүнөн учуп, аларды иштен чыгара алат, бирок эгер сиз аларды чындап демонтаждоону кааласаңар АКШнын аскердик кийлигишүүсү же келишим керек", - деди Бретт МакГурк.

Трамп чалгындоо маалыматтарына маани бербейт

Ар кандай баа берүүлөр Трамп администрациясы үчүн дилемма жаратты. Башкаруу кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө аракет кылууда жана ыктымалдуу жооп кайтарууга даярданууда. Улуттук чалгындоо директору Тулси Габбар март айынын башында берген маалыматында чалгындоо коомунун Ирандын өзөктүк жасабаганына ишенгенин айткан.

Трамп Габбардын билдирүүсүн четке кагып:“Мен анын айтканына маани бербейм — менимче, алар абдан жакын эле болчу”, - деди.

Аймактагы чыңалуулар Израилдин жума күнү Ирандагы бир нече объекттерине, аскердик жана өзөктүк жайларга абадан сокку уруусу менен күч алды. Бул кол салуулар Тегеранды жооп кайтарууга мажбур кылды.

Израилдик жетекчилер Ирандын ракеталык чабуулдарынан бери кеминде 24 адамдын каза болгонун жана жүздөгөн адамдын жаракат алганын билдирди.

Иран болсо Израилдин чабуулунан бери кеминде 224 адам каза болуп, 1000ден ашуун адамдын жаракат алганын билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us