Anadolu агенттиги жана жергиликтүү Channel 24 телеканалынын маалыматына караганда, Бангладеште чагылган тийип, кеминде 13 адам каза болду. Табигый кырсыктардан улам адамдардын өлүмүнүн көбөйүшү тынчсызданууну жаратты.
Жекшембиде Бангладештин ар кайсы аймактарында чагылган тийип, тогуз киши, анын ичинде бир бала жана бир нече фермер набыт болду. Channel 24 телеканалынын маалыматына караганда, Чапайвабганж, Наогоон, Шерпур жана Хабиганж райондорунда чагылган тийип, дагы бир адам каза болуп, кеминде төрт киши жаракат алды.
Бангладештин метеорология департаменти мурдараак өлкөгө, анын ичинде борбор Даккага да таасирин тийгизген өтө ысыктан кийин жекшемби күнү кечинде көптөгөн аймактарда күн күркүрөшү күтүлгөнүн жарыялаган.
Өмүрдү сактап калуу үчүн маалымдуулук
28-апрелде өлкөнүн жети башка аймагында чагылган тийип, кеминде 17 адам каза болгондуктан адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек болгон.
Чагылган тууралуу маалымдуулукту жогорулатууну максат кылган «Коомчулукту сактоо жана чагылган тууралуу маалымдуулук форуму» аттуу ыктыярдуу уюм чагылгандан ушунча көп кишинин каза болушуна тынчсыздануусун билдирди.
«Чагылгандан каза болгондордун 70 пайыздан ашыгы айыл чарба кызматкерлери»,-деп билдирди уюмдун төрагасы, Жахангирнагар университетинин окутуучусу Кабирул Башар. Башар чагылгандын алдын алуунун жолу жок экенин, бирок аң-сезим менен адам өмүрүн сактап калууга болорун баса белгиледи.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Бангладеште жыл сайын орто эсеп менен 300 адам чагылгандан каза болот. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан 30-апрелге чейин чагылгандын кесепетинен 67 адам каза болсо, өткөн жылы бул сан 297 деп катталды. Өлүмдөрдүн жалпысынан апрель-июнь айларында болгондугу аныкталса, Бангладеш метеорология департаменти ушул жылдын 1-апрелинен тарта Бангладеште чагылган тууралуу эскертүүлөрдү бере баштады.