Биргелешкен билдирүүгө ылайык, Түркия жана АКШ делегациялары Сириядагы «орток артыкчылыктарды» талкуулашты.
АКШ Сирия боюнча Жумушчу Топтун жаңы жыйыны үчүн Вашингтонго барган Түркия делегациясын шейшемби күнү тосуп алды. Түркия делегациясына тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз, АКШ тарабына мамлекетик катчынын орун басары Кристофер Ландау жетекчилик кылды.
Жолугушууларда Түркиянын АКШ элчиси Седат Үнал жана АКШнын Түркиядагы элчиси Томас Барак да катышты.
Биргелешкен билдирүүгө караганда Түркия менен АКШ президент Режеп Таййип Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамп белгилегендей Сириядагы туруктуулук жана коопсуздук боюнча кызматташтыкты, координацияны күчөтүүдө чечкиндүү.
Билдирүүдө : "АКШ жана Түркия туруктуу, өзү менен жана коңшулары менен тынчтык ичинде жана жер которгон миллиондогон сириялыктын үйлөрүнө кайтышына мүмкүнчүлүк бере турган Сирия көз карашын бөлүшүүдө”,- деп айтылды.
Эки өлкө тең Сириянын жеринин бүтүндүгүн сактоонун маанисин кабыл алгандыгы белгиленген билдирүүдө бул сөздөргө орун берилди : «Террордук уюмдарга коопсуз башпаанек сунуштабаган ырааттуу жана бирдиктүү Сирия аймактык коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү колдойт».