Жетекчилер Индиянын борбор шаары Делиде жума күнү эрте менен катуу болгон шамал, чаңдуу бороон жана жамгыр жаашынан улам кеминде төрт кишинин каза болгонун, 100дөн ашуун учак каттамынын кечеңдетилгендигин билдирди.
Мамлекеттик метеорологдордун маалыматына караганда, жума күнү эртең менен Дели шаарында "катуу күн күркүрөгөн бороон" менен коштолгон шамал катталган. Шаардын Сафдаржунг аймагында шамалдын эң жогорку ылдамдыгы саатына бир нече чакырымга жеткен. Ошондой эле, катуу күн күркүрөгөн бороон менен коштолгон жаан-чачын да катталды.
Катуу аба ырайы дарактардын кулашына жана суу топтолууга алып келип, бул абал учак каттамдарына таасир эткен. Flightradar24.com маалыматына ылайык, 100дөн ашуун каттам кечеңдетилди.
Дели эл аралык аэропорту жума күнү эртең менен аба ырайынын начардыгынан жана күн күркүрөгөн бороондон улам айрым каттамдардын таасрленгендигин билдирди.
Андан кийин билдирилген маалыматта аэропорттун ишин нормалдуу уланткандыгы бирок ыңгайсыз аба шарттарынан улам айрым таасирлердин болгону белгиленди. Өзгөчө Делидеги начар аба шарттарынын аэропорттун айланасында дарактардын кулашына жана жолдордун жабылышына жол ачкандыгы маалымдалды.
Мындан тышкары, жетекчилердин айтымында, эртең мененки катуу шамалдын айынан Делинин Дварака аймагында төрт адам, анын ичинде үч бала каза болгон.
Делинин премьер - министри Рекха Гупта жума күнү бардык жетекчилерге суу каптаган аймактарды аныктоо жана чечүү жолдорун табуу боюнча тапшырмалардын берилгендигин айтты.