ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Баку-Ереван тынчтык келишими Азербайжандын мыйзамдуу талаптарын канааттандырышы керек
Президент Эрдоган азербайжандык кесиптеши Алиев менен өткөргөн жолугушуусунда Түркиянын Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жакындан байкап жаткандыгын айтты.
Эрдоган: Баку-Ереван тынчтык келишими Азербайжандын мыйзамдуу талаптарын канааттандырышы керек
/ AA
12 саат мурун

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өткөргөн жолугушуусунда Түркиянын Баку менен Еревандын ортосунда ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүсүнүн Азербайжандын мыйзамдуу талаптарын канааттандырарын күткөнүн айтты.

Коммуникация башкармалыгы тарабынан Х платформасында жарыяланган билдирүүгө караганда Эрдоган Азербайжандын Ханкенди шаарында Экономикалык Кызматташуу Уюмунун саммитинин негизинде өткөрүлгөн жолугушууда Түркиянын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кенен масштабдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн жакындан байкап жаткандыгын белгиледи.

Ереван менен Баку  2020 -  жылдагы экинчи Карабах согушунан кийин тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Азербайжан 2023 -  жылы сентябрь айында Карабахта толук эгемендүүлүккө жетишти.

Эки лидер өзгөчө эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык жана глобалдык маселелерди карап чыгышты. Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы тилектештиктин бир модел болгонун айтты.

Энергетика жана транспорт тармактарында эки тараптуу кызматташуунун кеңейтилишинин маанисин баса белгилеген Эрдоган  24 -  июнда Иран менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоодон ыраазы экендигин билдирди жана аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшү баарынын пайдасына болорун кошумчалады.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us