Кубада жүз миңдеген адамдар Гаванада өткөн 1-Май митингине катышып, АКШнын аралга карата алтымыш жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жаткан соода эмбаргосуна жана Вашингтондун эл аралык медициналык миссияларга чектөөлөрүнө каршы нааразылык билдиришти.
Бейшемби күнү уюштурулган митинг өлкөдө 2022-жылдан берки алгачкы ири демонстрация болду. Бирок терең экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан, коммунисттер башкарган өлкөдө күйүүчү майдын жетишсиздигине байланыштуу дагы кичине масштабдуу нааразылык акциялары да болгон.
Демонстранттар белгилүү Малекон жээк тилкесинен баштап Революция аянтындагы өкмөттүн имаратына чейинки чоң проспекти толтурушту.
Дарыгерлер жана медайымдардан турган топ улуттук баатыр Хосе Мартинин эстелигинин жанынан өтүп бара жатып, "Блокада токтотулсун" жана "Жашасын эркин Куба!" деген ураандарды чакырышты.
Трамптын аралга карата санкциялары
АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкен биринчи күнүндө мурунку президент Жо Байдендин Кубаны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарып, аралга карата санкцияларды күчөтүүгө жол ачкан.
Бир айдан кийин АКШ Кубанын чет өлкөлөргө дарыгерлерди жөнөтүү программасына байланыштуу виза чектөөлөрүн кеңейткен. Бул программа Кубага маанилүү киреше алып келсе да, Вашингтон аны "мажбурлап иштетүү" деп атаган.
Митингге балдак менен барган 50 жаштагы лаборант Александр Гарсиа AFP агенттигине: «Бүгүн бул жерге революцияны жактоо үчүн келүү маанилүү», - деди.
Кубанын жумушчуларынын борбордук союзунун лидери Улисес Гиларте Трамптын администрациясын "ачарчылык жаратууга жана өлкөнү туруксуздаштырууга аракет кылып жатат" деп айыптады.