ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түндүк Корея Россияга дагы көп аскер жөнөтүп, "шартсыз колдоо" көрсөтүүгө убада берди
Ким Чен Ын Сергей Шойгу менен жолугушуусунда Россияга аскердик колдоосун дагы бир жолу кайталады.
Түндүк Корея Россияга дагы көп аскер жөнөтүп, "шартсыз колдоо" көрсөтүүгө убада берди
/ Reuters
5 саат мурун

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия менен түзүлгөн Комплекстүү Стратегиялык Өнөктөштүк Келишимин "чын ниеттен аткарууга" убада берди. Бул билдирүү шаршемби күнү Кореянын мамлекеттик борбордук маалымат агенттиги (KCNA) тарабынан жарыяланды.

KCNAнын шаршемби күнкү билдирүүсүнө ылайык, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия менен кол коюлган Комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк келишимин "ак ниеттүүлүк менен ишке ашырууга" убада берди.

Ким бул убадасын шейшемби күнү Пхеньянда Россиянын Коопсуздук Кеңешинин баш катчысы Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда билдирди.

Пхеньян "Россиянын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн империалисттик гегемония аракеттерине каршы туруу максатында туруктуу жана шартсыз колдоо көрсөтөт,”- деп билдирди Ким.

Түндүк Корея 2024-жылдын июнь айында Пхеньянда Россиянын президенти Владимир Путин менен Ким Чен Ын кол койгон өнөктөштүк келишиминен кийин Украинага каршы согушта Россияга жардам берүү үчүн миңдеген аскер жөнөткөн. Бул келишимдин шарттарына ылайык, эки тараптын бирине үчүнчү тарап кол салган учурда аскердик жардам көрсөтүү каралган.

Түндүк Корея миңдеген кызматкерлерди жөнөтөт

Ким менен Шойгу "Курск облусун куткаруу операцияларында Корей Элдик Армиясынын жоокерлеринин көрсөткөн каармандыгын узакка эсте калтырууга мүмкүндүк берүүчү айрым идеялар менен пландарды" талкуулап, жактырышты. Шойгу келишимдин биринчи жылдыгы белгиленип жаткан ушул айдын 4-июнунда жасаган сапарынан кийин экинчи жолу Пхеньянга барды.

Шойгу шейшемби күнү берген маалыматында Түндүк Кореянын Украина чек арасындагы Курск аймагында мина тазалоо жана кайрадан куруу иштерине жардам берүү үчүн 1000 аскердик инженер жана 5000 бекемөө аскери менен бирге 6000 кызматкер жөнөтөрүн белгилеп, өзгөчө аймактагы зыян тарткан инфраструктуранын оңдолушуна жардам берүү үчүн 5000 аскерден турган эки бригаданын жиберилерин да кошумчалады.

KCNAнын билдиргенине караганда Ким Россия менен түзүлгөн келишимдин мазмунун ""ырастады" жана "тиешелүү пландарды жактырып, зарыл кызматташтык иштерин кенен талкуулашкандарын” билдирди.

Yonhap News агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Корея шаршемби күнү Пхеньяндын 6000 куралдуу кызматкерин Россияга жөнөтүү чечимин "тынчсыздануу" менен кабыл алып, бул абалдын "БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын ачык бузуу" экендигин белгиледи.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: "Биз Түндүк Корея менен Россиянын ортосундагы уланып жаткан мыйзамсыз кызматташтыктан терең тынчсызданып жатабыз", - деп билдирип, Түндүк Кореяны мындай аракеттерди дароо токтотууга чакырды.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us