Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Инжилге шилтеме берүү менен аскердик жеңиш тууралуу телекөрсөтүүдө сөз сүйлөп, экстремисттик өкмөтүнүн Иранга каршы эч кандай себепсиз "алдын ала турган" аскердик соккусун - "Көтөрүлгөн Арстан" операциясын - аймакты таң калтырган кол салууларды коргоо үчүн диний ыйык китептерден үзүндүлөрдү берүү менен актады.
Нетаньяху шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө иврит тилиндеги Инжилде жана салттуу согушта куулук жана алдын ала билүүнү жактоо катары чечмеленген Накыл сөздөр 24:6 аятына шилтеме жасап: "Ыйык китепте: "Сен айла-амал менен согушасың", - деп айтылат деди.
Нетаньяху 12 күнгө созулган согушту Инжилде жазылган коргонуу жана тагдырдын актысы катары мүнөздөп : "Чечкиндүү учурда биз арстандай болуп турдук, биздин күркүрөгөн үнүбүз Тегеранды титиретип, бүт дүйнөгө жаңырды",- деди.
Эч бир эскертүү берилбестен башталган чабуулдар Ирандын ядролук инфраструктурасын, аскердик жетекчилигин жана жарандар жашаган аймактарды бутага алды. Араларында аялдар менен балдар да болгон 600 ирандыктын өлүмүнө себеп болуп, миңдеген киши да жаракат алды.
“Нетаньяху кагылышуунун “тарыхый жеңиш” экендигин жана эки экзистенциалдык коркунучту жок кылганын айтты: “Ядролук куралдарга ээ Иран жана Израилди бутага алган баллистикалык ракеталардын массалык арсеналы”.
"Эгерде биз азыр аракет кылбаганыбызда" деп жаңылыш өкүм чыгарды: "Израиль мамлекети жакында жок болуу коркунучуна кабылмак."
Нетаньяху “күтүлбөгөн сокку” деп аныктаган Израиль чабуулунун масштабы Натанз, Исфахан жана Арактагы ядролук объектилерди бутага алды. Чабуулдарда Ирандын жогорку мартабалуу аскердик жетекчилери менен ядролук илимпоздор да өлтүрүлдү.
Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамптын колдоосуна токтолуп : “Анын буйругу менен АКШ армиясы Фордогу жер астындагы байытуу объектисин жок кылды”,- деди.
Нетаньяху сөзүн бул сөздөр менен улантты : “Бир нече жогорку мартабалуу командирди жок кылдык. Командирлик борборун жок кылдык. Төңкөрүш Гвардиясы корпусуна кол салдык. Басиж базаларына кол салдык. Режимдин символдорун аттык”.
Иран Израиль менен АКШны мыйзамсыз кол салуу агрессиясын жүргүзүү менен айыптады.
Нетаньяху Израилдин чечкиндүүлүгүн баса белгилеп: “Биз режимдин жүздөгөн кызматкерлерин жок кылдык, бул Тегеран акыркы 50 жылда көрбөгөн эң катуу сокку болду. Эгер кимдир бирөө Иранда бул долбоорду кайра курууга аракет кыла турган болсо – биз ошол эле чечкиндүүлүк жана күч менен аракет кылабыз”,- деди.
Нетаньяху сөзүн теологиялык чечкиндүүлүк менен жыйынтыктап: “Эл арстандай көтөрүлдү. Ам Исраэль Чай – Израил эли жашайт. Кудайдын жардамы менен – түбөлүктүү эл Израилдин түбөлүктүүлүгүн камсыз кылат,” - деди.