Дүйшөмбү күнү Руанданын борбору Кигалиде Африканын биринчи эл аралык коопсуздук конференциясы башталды. Руанданын президенти Пол Кагаме форумду “көп убакыттан бери кечиккен” деп сыпаттады жана континенттин коопсуздук көйгөйлөрүн африкалыктардын жетекчилигинде чечүүгө чакырды.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Камаге Африканын келечеги “башкараларга өткөрүлүп берилбей” тургандыгын баса белгилеп континенттин өзүнүн тынчтык жана келечегинен жооптуу болушунун маанисине көңүлдөрдү бурду.
Африканын коопсуздугуна көптөн бери “башкалар тарабынан башкарылышы керек болгон жүк” катары каралгандыгын бирок бул мамиленин жалпысынан аймактык катышуу же жергиликтүү шарттарды түшүнүү менен коштолбогонун белгилеген Кагаме:“Бул ыкма Африка үчүн да, дүйнө үчүн да натыйжа берген жок”, — деди. Өзгөчө форумду баяндоо жана мазмуну жагынан глобалдык коопсуздук талкууларында Африканын ролун өзгөртүү үчүн "атайылап жасалган аракет" катары сыпаттады.
Африка өлкөлөрүн коопсуздук маселелеринде ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөш катары иш алып барууга чакырган Кагаме бул жоопкерчиликке кайдыгер мамиле кылуунун "башкалардын кийлигишүүсүнөн улам коопсуздукту жана көзөмөлдү жоготууга" алып келерин айтты.
Кагаме Африка Биримдиги менен биримдиктин Тынчтык жана Коопсуздук Кеңеши сыяктуу күчтүү аймактык институттар кирген континенттин жалпы коопсуздук артыкчылыктарын башкарууда жетекчиликти колго алышы керектигин баса белгиледи.
"Коопсуздук көйгөйлөрүн жеңүүнүн ачкычы биздин өзүбүздүн чечимдерибизди чыгаруу жөндөмдүүлүгүбүздө жатат",- деген Кагаме Африканын Эл аралык коопсуздук конференциясынын саясий эркти техникалык тажрыйба менен жана улуттук кызыкчылыктарды континенталдык артыкчылыктар менен шайкеш келтириши керектигин кошумчалады.